МАМЫТКАНОВА ТАМАРА АКИМЖАНОВНА

Мен, Мамытканова Тамара Акимжанова, 1973-жылы

1-октябрда Ош областынын Токтогул районунун Уч-Терек айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө  төрөлгөнмүн. 1980-1991-жылдары  орто  мектепте  окуганмын. 1991-1993-жылдары  Жалал-Абад щаарындагы кооператив техникумунда окуп, “Товаровед”адистигине ээ болгонмун.            

Өзүмдүн алгачкы эмгек жолумду 1999-жылы Кара-Көл  шаардык ооруканада эсептик бухгалтер болуп иштөөдөн баштаганмын.  

2002-2007-жылдары Жалал-Абад Экономика жана Ишкердик университетинин “ Финансы  жана кредит” адистиги боюнча сырттан окуп “Экономист”  квалификациясына  ээ болдум.

2002-2008-жылдары  “Кыргызтелеком” ААКтын Кара-Көл бөлүмүндө оператор-кассир, экономист, башкы бухгалтер болуп эмгектендим. 2013-2021-жылдары  “ Гидропроект” Долбоор Изилдөө  Институтунда эсептик бухгалтер, кадрлар бөлүмүнүн кызматкери болуп иштедим. Бүгүнкү күндө Кара-Көл шаарындагы Спорттук -Техникалык коргоо уюмунда жетекчи болуп эмгектенип жатамын.

Билимимди жогорулатуу максатында 2018-жылы Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин сырттан окуу бөлүмүнө   тапшырып, аны 2023-жылы аяктап, “Ветеринария” адистиги боюнча  “Ветеринардык врач” квалификациясына ээ болдум.

2022-2024-жылдары  Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинин   Кара-Көл  колледжинде сырттан   окуп  “Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу“ (Аба транспортунан башка транспорттун түрлөрү) адистиги боюнча “Техник-механик” квалификациясын алдым.                                                                                                                

Өмүр жолумда  иш менен эле чектелбестен шаардын коомдук-саясий иш-чараларынын катышуучусу болдум. 25.10.2012 - 25.12.2016 - жылдары Кара-Көл шаардык Кеңешинин 6-чакырылышынын  депутаты болдум.

2021 - 2024-жылдары   Кара-Көл шаардык Кеңешинин 8-чакырылышынын  депутаты болуп иштедим.

   2024-жылдын ноябрь айынан баштап Кара-Көл шаардык Кеңешинин 9-чакырылышынын депутаты болуп саясий муниципалдык кызматты аркалап келемин.

Үй- бүлөлүүмүн.  3 уулдун сүйүктүү энесимин.