Эн негизгиси- күчтүү команда жана чындап масштабдуу иштерди баштоо үчүн жөндөм бар болуусу керек.
Быйылкы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өзгөчө болуп жатат. Шайлоочулардын добуштары конкреттүү талапкерлерге берилип жатканы бардык шайлоочуларды кубандырып, чыныгы кадыр-баркка ээ талапкерди тандоого эң жакшы мүмкүнчүлүк. Бул жагдай Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилигин жогорулатат деп ойлоймун. Кара-Көл шаарынын шайлоочулары мага 3 жолу өз ишенимин көрсөтүп, мени жергиликтүү Кеңештин депутаты кылып шайлады. Мен өз шайлоочуларыма ыраазычылыгымды билдирүү менен, алардын кызыкчылыктарын шаардык Кеңеште татыктуу коргоп жатамын. Бул жөнүндө менин шайлоочуларым жакшы билет. Мен мындан да чоң иштерди жасоого мүмкүнчүлүгүм жетет. Эгерде мага ишеним көрсөтүлүп, Жогорку Кеңештин депутаты болуп калсам өз шайлоочуларымдын алдындагы жоопкерчиликти сезе билип, шайлоочуларымдын мыйзам чегиндеги суроо-талаптарын аткарууга, шайлоочуларымдын мыйзам чегиндеги укуктарын коргоого, баш мыйзамыбызга мамлекет башчыбыз жүргүзүп жаткан саясатка карама-каршы келбеген мамлекеттин өнүгүүсүнө, жарандарыбызга ыңгайлуу шарт гана түзүүчү мыйзамдарды иштеп чыгууга болгон күч аракетимди, билимимди, тажрыйбамды жумшаймын.
Биринчи кезекте стабилдүүлүктү, экономиканы өстүрүү керек. Эмне үчүн?
Мен билем, биз өнүккөн экономиканы түзүп, адамдардын жашоосунун сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Ал үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар: Кыргызстандын энергетикасынын потенциалы эбегейсиз, биздин дарыяларды, аккан сууларды туура пайдалануу менен өлкөнүн экономикасын көтөрүп, жумушсуздукту жокко эсе кылсак болот. Андан сырткары Кыргызстан - мен үчүн ааламдагы эң бир кооз Мекен. Биздин кооз жаратылышты ишкерлер инвесторлор менен биргеликте ар тараптуу туризмди өнүктүрүп, жагымдуу бизнес жана инвестициялык чөйрөнү түзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет.
Мыйзам чыгаруу жаатында бир топ багытта иш алып барууга мүмкүнчүлүгүм жетет.
- Финансылык багытта иш алып барамын.
Бул багытта иш алып барууда негизги күчүмдү айыл жергесиндеги фермерлерге, өндүрүүчүлөргө жана ишкерлерлерге арзан, жеткиликтүү жана узак мөөнөттүү каражаттар менен камсыз кылуу жаатына жумшаймын.
- Социалдык багытта иш алып барамын.
1) Бардык социалдык тармактардын өнүгүүсүнө шарт түзүү керек. Ал үчүн медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин , мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, социалдык кыматкерлердин, спортчулардын жана спорт тармагында эмгектенген кызматкерлердин социалдык кепилдиктерин жогорулатуу, айлык маяналарын инфляцияга жараша жогорулатуу максатында мыйзам чегинде иш алып барамын.
2) Агрардык жаатында айыл чарбаны өнүктүрүү, анын ичинде мал чарбачылыгын өнүктүрүү, малдардын жугуштуу ооруларын алдын алуу боюнча фермерлердин сабаттуулугун жогорулатуу жана дыйкандарга, фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү жаатында иш алып барамын. Ошондой эле тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуучу мыйзамдарды жакшыртуунун үстүндө иштеймин.