ЖАПАРОВА ЖЕҢИШГҮЛ МОЛДОКЕРИМОВНА

Фамилиясы: Жапарова

Аты: Жеңишгүл

Атасынын аты: Молдокеримовна

Лозунг: “Өнүккөн аймак – ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосу!”

 

 

Туулган датасы:08.05.1985-жыл

Иштеген жери жана ээлеген кызматы:№10 Казатов атындагы орто мектеби, башталгыч класстын мугалими.

Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны): Мен, Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовна, 1985-жылы Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. №10 Казатов мектебин бүтүрүп, андан ары Бишкек педагогикалык колледжин (2006-ж.) жана КУУнун журналистика факультетин аяктадым.

Эмгек жолумда мугалимдик жана коомдук иштерди айкалыштырып келем. 2016-жылы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты жана вице-спикери болуп иштегем. Азыр №10 Казатов орто мектебинде башталгыч класстын мугалими, ошондой эле Токтогул шаардык кеңешинин депутаты жана вице-спикери болуп кызмат өтөйм. Эки кыздын энесимин.

КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жайга муктаж жарандарды үй менен камсыз кылуу.Сүт жана этти кайра иштетүүчү заводду экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү менен куруу. Совет доорундагы май,нан заводду калыбына келтирип, заманбап технологияларды киргизүү менен иштетүү. Кичи жана орто ишканаларды колдоо,муну менен жумуш орундарынын көбөйүшү жана миграциянын азайышын алып келет.