«Өнүккөн аймак — ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосу!»
Кириш сөз
Мен — Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовна, жөнөкөй мугалим жана шаардык кеңештин учурдагы депутаты.
Күн сайын Токтогул районунун эли кандай кыйынчылыктар менен жашап жатканын өз көзүм менен көрүп келем — турак-жайдын тартыштыгы, жумушсуздук, билим берүүдөгү, саламаттыкты сактоодогу жана экологиядагы көйгөйлөр ар бир үй-бүлөгө таасир этүүдө.
Элимдин жашоосун мен жакшы билем. Ошондуктан бийлик үчүн эмес, элдин үнүн угузуп, чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүү үчүн Жогорку Кеңешке аттандым.
Мыйзам боюнча, Токтогул району — өзгөчө мамлекеттик камкордуктагы аймак, менин негизги максатым — бул аныктама кагаз бетинде эле калбастан, чындыкка айлантуу.
Токтогул району үчүн менин негизги багыттарым
Ар бир үй-бүлөгө — турак-жай!
- Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу турак-жайга муктаж жарандарды үй менен камсыз кылуу.
- Жаш үй-бүлөлөргө жана социалдык жактан алсыз жарандарга өз жер тилкесинде үй курганга мүмкүнчүлүк түзүү.
- Ар бир үй-бүлөгө өзүнчө жер тилкеси.
- Жеке турак жай куруу үчүн жер бөлүштүрүүнү акыйкаттуу жана ачык жүргүзүү.
Өндүрүштү калыбына келтирүү — жаңы жумуш орундары!
- Сүт жана этти кайра иштетүүчү заводду экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү менен куруу. Анткени райондун элинин көбү мал чарбачылык жана айыл чарба менен алектенет. Бул потенциалды туруктуу өнүгүүгө айлантуу керек.
- Совет доорундагы май заводун калыбына келтирип, заманбап технологияларды киргизүү менен иштетүү.
- Кичи жана орто ишканаларды колдоо, муну менен жумуш орундарынын көбөйүшү жана миграциянын азайышын алып келет.
Таза жана заманбап Токтогул!
- Мурдагы аэропорттун аймагындагы таштанды полигонун жоюп, экологиялык жактан коопсуз калдык иштетүүчү завод куруу.
- Аэропортту калыбына келтирүү бул — транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртып, туристтерди жана инвесторлорду тартат, жаңы жумуш орундарын камсыз кылат.
Бюджетти натыйжалуу пайдалануу!
- Азыр Токтогул району ар жылы 70 млн сом атайын фонддон алат. Азыр анын 70% - суу чарбасына, 30% - социалдык объектилерге жумшалууда. Мен мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайм: 50% — социалдык өнүгүүгө, 50% — суу чарбасына бөлүнүшү керек. Бул каражаттарга: үйлөрдү, мектептерди, ооруканаларды, заводдорду жана жолдорду курууга мүмкүн болот.
Айыл чарбасын жана экспортту өнүктүрүү.
- Районубуз аары чарбачылыгы жана балык чарбачылыгы менен таанымал.
- “Токтогул балы” жана “Токтогул балыгы” деген бренддерди түзүп, экспортко чыгаруу.
- Фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жеткиликтүү насыяларды, гранттарды берүү жана жаңы технологияларды үйрөтүү.
Билим — өнүгүүнүн ачкычы жана улуттук рухтун булагы!
- Мугалим катары мен билем: билим — мамлекеттин келечеги. Бүгүн Токтогулда окуучулардын билим сапаты төмөн, окуучулар ОРТдан жогорку упай топтой албай жатышат, ар кандай олимпиадаларда башкы орундарды ээлебейт, ж.б.
- Зарыл чаралар: мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, кадрдык саясатты кайра кароо, мектептерге IT-технологиялар, логика жана робототехника сабактарын киргизүү.
- Балдарыбыз билимине ишенген, өлкөсүн сыймыктануу менен көрсөтө алган жаштар болушу керек.
- Кыргызстанды күчтүү кылган — анын эли, тили жана маданияты.
- Кыргыз тилин жана маданиятын өнүктүрүүчү демилгелерди колдоо.
- Маданий жана спорттук аянтчалар, элдик чыгармачылыкты жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү.
- Улуттук рух — бул жөн гана сөз эмес, бул өзүн сыйлоо, ата тегине урмат жана келечекке ишеним.
Социалдык коргоо жана жарандык укуктар.
- Социалдык жактан алсыз катмарды, өзгөчө аялдар менен балдарды коргоо.
- Акысыз юридикалык жардам берүүчү борборлорду ачуу жана кеңейтүү.
- Жергиликтуу элди акысыз медициналык текшеруудон откорууну уюштуруу
Туризмди өнүктүрүү.
- Райондун табигый байлыктарын — суусактагычты, тоолорду, токойлорду, жаратылышын — пайдаланып, ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү.
- Экотуризм багытында конок үйлөрүн, этно-комплекстерди, туристтик маршруттарды түзүү.
Жыйынтык
Мен — чиновник эмесмин жана аткара албас убада бербейм.
Мен — мугалим, эне жана Токтогулдун тургуну катары элдин көйгөйүн күн сайын жүрөгүмдөн өткөрөм.
Элге болгон ишеним, ак ниеттик жана мекенге болгон сүйүү менен иш кылсак — Токтогул таза, өнүккөн жана бакубат аймакка айланат.
Ар бир үй-бүлө мамлекеттик камкордукту сезет.
Элге ишеним менен, салтка урмат менен, келечекке үмүт менен — алга, Токтогул!