ЖУМАБЕКОВА ТУРДУКАН АБДЫКАРЫЕВНА

Мен, Жумабекова Турдукан Абдыкарыевна 1965-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Бел-Алды айылында төрөлгөм. 1972-1982жылдары Бел-Алды орто мектебин аяктап, 1982-1989 жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артык-чылык диплому менен аяктагам.

1982-1984-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министр-лигинин ОП No 36/2 мекемесинин улук инспектору, 1989-1992-жылдары Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын прокуратурасынын жардамчысы, 1992-1997-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын тергөөчүсү, 1997-2007-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекет-тик университетинде, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик универси-тетинде, Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясында, Кыргыз-Казак укук жана Мамлекеттик кызмат академиясында ага мугалими болуп эмгек-тенгем. 2008-жылы юридика илимдеринин кандидатыгы жана 2016-жылы юридика илимдеринин доктору илимий даражаларын коргодум. 2011 жылы КР ТИМ караштуу К. Дикамбаев атындагы дипломатиялык академияны бүтүргөн. «Эл аралык мамилелер» факультетин артыкчылык менен аяк-тадым. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын «Менеджмент» багыты боюнча магистратурасын аяктагам.

         2007-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV-чакы-рылышынын депутаты болуп, Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укуктук реформа боюнча комитетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Улуттук комитетинин мүчөсү милдеттерин аркаладым.

         2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында Вице премьер-министринин кеңешчиси.

100-дөн ашык илимий иштердин, 20-дан ашык монографиянын авторумун.

         Эмгек жолумда Кыргыз Республикасынын төмөнкү сыйлыктарына ээ болдум:

  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи – 2021 жыл;
  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы – 2009 жыл.
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги – 2005 жыл;
  • Кыргыз Республикасынын Юстициясынын отличниги – 2006 жыл;
  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын «Мыйзамдуулукту чындоого кошкон салымы үчүн» I даражадагы медалы – 2008 жыл;
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлигинин Ардак медалы – 2008 жыл;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70-жылдык юбилейлик медалы – 2009 жыл;
  • Мамлекеттик тилди онуктурууго кошкон салымы учун тош белгиси менен сыйланган - 2009 жыл.

Үй бүлөлүүмүн, үч баланын энесимин.

Учурда Мамлекеттик Улуттук Илимдер Академиясынын мамлекеттик укуктук изилдөө жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы