Депутат катары менин ишимдеги негизги багыттар төмөнкүлөр болот:
- ЭЛДИН БАЙЛЫГЫН ЭЛ ҮЧҮН КОЛДОНУУ
1.1. Табигый ресурстарды мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгында башкаруу.
1.2. Келишимдердин ачыктыгын жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу.
1.3. Жер жана суу ресурстарын коргоо, экология маселесине өзгөчө көңүл буруу.
1.4. Полездүү казыналарды иштетүүдө жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу.
- ИДЕОЛОГИЯ ЖАНА УЛУТТУН БИРИМДҮҮЛҮГҮ
2.1. Улуттук баалуулуктарды сактоо, жайылтуу жана коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлдеги саясатты ишке ашыруу.
2.2. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана коргоо.
2.3. Патриоттук сезимди чыңдоого багытталган билим берүү жана маалымат саясатын жүргүзүү.
2.4. Көп улуттуу Кыргызстандын биримдигин жана ынтымагын камсыз кылуу.
2.5. Мамлекеттин светтик негизин бекемдөө саясатын ишке ашыруу.
- ТАРЫХ ЖАНА МУРАСТЫ УЛУКТОО
3.1. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын ар тараптуу илимий негизде изилдөө, мектептерде жана жогорку окуу жайларда окутуу.
3.2. Тарыхый эстеликтерди сактоо жана реставрациялоо.
3.3. Жаштарды тарбиялоодо улуу инсандардын мисалын колдонуу.
3.4. Манасчы, манас таануучу, акын, дастанчы, комузчу жана улуттук маданияттын башка өкүлдөрүн колдоо.
- ЖАШТАРГА КОЛДОО ЖАНА ТАРБИЯ
4.1. Сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жана кесиптик адистерди даярдоо.
4.2. Жаштар үчүн жумуш орундарын түзүү.
4.3. Спорт, маданият жана илим тармагына инвестиция тартуу.
4.4. Жаштардын демилгелерин жана стартаптарын колдоо.
- УЛУУЛАРГА УРМАТ ЖАНА КОЛДОО
5.1. Пенсиялык камсыздоону жакшыртуу.
5.2. Ардагерлерге жана улгайган муунга социалдык колдоо көрсөтүү.
5.3. Калктын саламаттык сактоо жана маданий кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
5.4. Улуу муундун коомдук жашоого активдүү катышуусуна шарт түзүү.
- ЭЛДИ ЖУМУШ ОРУНДАРЫ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ
6.1. Аймактарды өнүктүрүү аркылуу жумуш орундарын түзүү.
6.2. Ишкерликти өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген шарттарды камсыз кылуу.
6.3. Технопарктарды, фабрикаларды жана заводдорду ачуу.
6.4. Эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу жана алар үчүн иш шарттарын түзүү.
- ЭЛДИН САЛАМАТТЫГЫ ЖАНА УЛУТТУН ГЕНОФОНДУ
7.1. Ар бир жаран үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу медицина.
7.2. Аймактарда заманбап ооруканаларды куруу жана квалификациялуу дарыгерлерди даярдоо.
7.3. Саламат жашоо образын жайылтуу жана оорулардын алдын алуу чараларын күчөтүү.
7.4. Дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жана сапатын көзөмөлдөө.