БОРБИЕВ БОЛОТБЕК ИБРАИМОВИЧ

1967-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында туулган.

Билими:

1991-ж. – Фрунзе политехникалык институту, жогорку техникалык билим, «Автомобиль жолдору» адистиги боюнча.

1996-ж. – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, жогорку юридикалык билим, «Юриспруденция» адистиги боюнча.

2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы, «Саясий менеджмент» адистиги боюнча магистр даражасы.

2014-ж. – Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясы, юридикалык илимдердин кандидаты.

Кесиптик ишмердүүлүгү:

 1991–1993-жж. – Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын Мамлекеттик автоинспекция бөлүмүнүн жол кыймылын уюштуруу бөлүмүнүн инженери.

1993–2001-жж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын жол кыймылын уюштуруу бөлүмүнүн улук инженери.

2001–2002-жж. – Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын Мамлекеттик автоинспекция бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

2002–2005-жж. – Жалал-Абад областынын Ички иштер башкармалыгынын Мамлекеттик автоинспекция бөлүмүнүн башчысы.

2005–2006-жж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын жол көзөмөлү бөлүмүнүн башчысы.

2006–2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын жол-патрулдук кызматын жана жол көзөмөлүн уюштуруу ишмердүүлүгүн координациялоо бөлүмүнүн улук инспектору.

2007–2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын башчысынын орун басары.

2008-ж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын директору.

2008–2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы.

2010–2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.

2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси болгон («Токтогул 150»).

2022-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалган, консулдук округуна АКШнын 31 штаты кирет, алар Батыш жээги, Ортоңку Батыш, Түштүк жана АКШнын Батыш бөлүгүнүн бир бөлүгүн камтыйт, анын ичинде Иллинойс, Калифорния, Техас, Вашингтон, Индиана жана башка штаттар. 2025-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүнүн талапкерлигин койгонуна байланыштуу ээлеген кызматын тапшырган.

Запастагы полковник наамына ээ.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен «Кынтыксыз кызмат үчүн» медалы менен сыйланган, ошондой эле Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун медали жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Мамлекеттик коргоо кызматынын, Мамлекеттик кадр кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстандын Ички иштер министрлигинин, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар кандай ведомстволук жана юбилейлик медалдары менен сыйланган.

Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.