Мен, Борбиев Болотбек Ибраимович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка ат салышуу чечимин аң-сезимим менен кабыл алдым, себеби ата-бабалардан калган мурасты ыраазычылык менен кабыл алып, аны келечек муундарга адилеттүүлүккө, ак ниеттүүлүккө жана ар бир жарандын камкордугуна негизделген күчтүү мамлекетти калтырууга милдеттүү экенибизди түшүнөм. Менин шайлоо алдындагы программам “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамында белгиленген депутаттын ыйгарым укуктарына негизделип, биздин ыйык мекенибиз — Кыргыз Республикасынын чыныгы өзгөрүшүнө жана өнүгүшүнө багытталган.
Менин артыкчылыктуу багыттарым:
- Таза жана ачык бийлик.
- Коррупциянын алдын алуу жана жаза чараларын күчөтүү боюнча мыйзам чыгаруу демилгелери;
- Мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү;
- Улуттук кызыкчылыктарды, туруктуу өнүгүүнү жана коопсуздукту биринчи орунга коюу;
- Сөз эркиндигин жана көзкарандысыз ЖМКны колдоо.
- Экономиканы өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо.
- Тармактык эмес, регионалдык ыкма аркылуу экономиканы өнүктүрүү;
- Региондордогу чакан жана орто бизнести салыктан жана башка төлөмдөрдөн бошотуу же жеңилдиктерди берүү;
- Инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн ага тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
- Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо.
- Айылдарды, чакан шаарларды өнүктүрүү жана экология.
- Муктаж болгон айылдарды жана чакан шаарларды таза суу, таза аба, жаратылыш газ менен, коопсуз интернет менен камсыз кылуу;
- Региондордогу саламаттык сактоо жана билим берүү инфратүзүмүн жакшыртуу;
- Айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын жана токойлорду коргоо боюнча программаларды колдоо;
- Жер казынасын пайдаланган компанияларга көзөмөл жүргүзүү жана экологиялык стандарттарды так сактоо.
Менин мамилем: элди угуу, чындыкты айтууу, ачык иштөө.