ЭРГЕШБАЕВА ТАТТИБҮБҮ НУРБЕКОВНА

Эргешбаева Таттибүбү Нурбековна, 1992-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылында төрөлгөн. Жогорку юридикалык билимге ээ. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы укук колледжин жана С. Мамбеткалиев атындагы Чүй университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн.

Кесиптик ишмердүүлүгүн 2011-жылы жеке юридикалык компанияда юристтин жардамчысы болуп баштаган. 2014–2020-жылдар аралыгында «Эргешбаева жана өнөктөштөр» юридикалык фирмасынын негиздөөчүсү жана директору болгон. 2021-жылдын июнь айынан бери «Эргешбаева Т.Н.» ИП негизинде жеке практикалоочу юрист болуп иштеп келет.

2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин юристтер коомчулугунун «Тандем» аналитикалык платформасынын тең негиздөөчүсү болгон. 2021-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы жумушчу топтордун Консультативдик кеңешинин катчылыгын жетектеп, 2023-жылдын август айынан тартып Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин алдында Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча мыйзамдарды көзөмөлдөөчү жумушчу топтун катчылыгынын жетекчиси болуп иштеп жатат.

14 жылдык эмгек тажрыйбасына, анын ичинде 12 жылдан ашуун юридикалык практикасына жана башкаруу менен аналитикалык иштер боюнча чоң тажрыйбага ээ. Ал жоопкерчиликтүү, системалуу жана демилгелүү менеджер катары укуктук мамлекетти өнүктүрүүгө, башкарууда ачыктыкка жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин чыңдоого багытталган.