“Талапкердин саясий программасы”:

 

  1. Натыйжалуу сот адилеттүүлүгү жана мыйзам үстөмдүгү.

Эргешбаева — 12 жылдык практикалык жана аналитикалык тажрыйбасы бар юрист.

Анын негизги ишмердүүлүгү — сот институтун чыңдоо, мыйзамдарды өркүндөтүү жана алардын аткарылышында ачыктыкты камсыз кылууга багытталган.

Анын артыкчылыктуу багыты — жарандардын укуктарын коргоого жана укуктук системаны өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдардын аткарылышына парламенттик көзөмөлдү күчөтүү.

  1. Таза суу жана санитария — жашоонун сапатынын негизи.

Программанын негизги багыттарынын бири — калкты таза суу жана санитария менен камсыздоо.

Эргешбаева суу менен камсыздоо тармагын натыйжалуу башкаруу механизмдерин киргизүүнү, инфраструктураны жаңылоону жана айыл жергелеринде туруктуу чечимдерди өнүктүрүүнү колдойт. Бул калктын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыздоого шарт түзөт.

  1. Сууну үнөмдүү пайдалануу жана агрардык секторду өнүктүрүү.

Суу ресурстары жана айыл чарба тармагында талапкер сууну үнөмдүү пайдаланууга, заманбап сугат технологияларын киргизүүгө жана фермердик чарбаларды колдоого артыкчылык берет.

Максат — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

  1. Энергетикалык ачыктык жана туруктуу өнүгүү

Энергетика тармагында Эргешбаева энергетикалык ресурстардын сарпталышына жана бөлүштүрүлүшүнө парламенттик көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле энергиянын үнөмдүү пайдаланылышын жана альтернативалуу булактарын өнүктүрүү программаларын колдойт. Бул өзгөчө Жалал-Абад облусунун райондору үчүн маанилүү.

  1. Аялдар жана балдарды коргоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы.

Аялдар менен балдардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулат.
Талапкер зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүнү, укуктук жана психологиялык колдоо борборлорун өнүктүрүүнү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы координацияны күчөтүүнү колдойт. Мунун баары калктын аярлуу катмарына системалуу түрдө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

  1. Жоопкерчиликтүү жана ачык парламент.

Эргешбаеванын башкы максаты — парламенттин өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө функцияларынын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу.

Мамлекеттик саясат өнүгүүгө, адилеттүүлүккө жана туруктуулукка багытталышы керек, ар бир мыйзам Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгына чындап кызмат кылышы зарыл.