СУЛАЙМАНОВ КУНДУЗБЕК КОШАЛИЕВИЧ
Мен, Сулайманов Кундузбек Кошалиевич 1967-жылдын 2-мартында Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулгам. 1973-1983-жылдары
Үч-Терек айылындагы М.Горький атындагы орто мектебинде билим алгам.
1983-1984-жылдары Шопоков атындагы совхозунда жумушчу, ошондой эле Маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштегем.
1985-1987-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөм.
1987-1992-жылдары Бишкектеги политехникалык институтунда “Жол курулуш машиналары жана жабдуулары” адистиги боюнча билим алып, инженер-механик адистигине ээ болгом.
1993-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин курамында инспекторлуктан тартып, Ош ШИИБ ЖККБнүн башчысы кызматына чейин жогорулагам.
2010-жылы Кыргызстан-Россия Славян университетинде “юриспруденция” багыты боюнча билим алгам. 2015-2021-жылдары жеке ишкерлик менен алектенгем.
2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайлангам.
2022-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде төраганын орун басары болуп дайындалагам.
2024-жылдын ноябрь айынан 2025-жылдын сентябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси болуп эмгектендим.
Үй-бүлөлүү, 4 уул 1 кыздын атасымын.