Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин шайлоо алдындагы Программасы
- ИДЕОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗ
- Билим жана инновация — экономика менен коомду алдыга сүрөөчү күч.
- Аймактардын тең өнүгүүсү — мамлекеттин биримдигинин кепилдиги.
- Ачык жана ак ниет башкаруу — коррупцияга каршы эң ишенимдүү курал.
- ПАРЛАМЕНТТИН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ИШИ
- Өлкөнүн саясий, социалдык жана экономикалык багыттарын алдыга жылдыруучу мыйзамдарды кабыл алуу.
- Санариптик теңдик жөнүндө мыйзамы — өлкөнүн ар бир жаранын электрондук кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо.
- Инвестицияны коргоо жөнүндө мыйзамы — ишкерлерге ишенимдүү шарттарды түзүү.
- Үй-бүлө жана келечек муун жөнүндө мыйзамы — балдар менен ата-энелердин укуктарын бекемдөө.
- ПАРЛАМЕНТТИН КӨЗӨМӨЛ ФУНКЦИЯСЫ
- Кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө.
- Республикалык бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө.
- Адам укугунун сакталышын көзөмөлдөө.
- 4. ПАРЛАМЕНТТИН ЭЛ ӨКҮЛДҮК ФУНКЦИЯСЫ
- Ар бир аймакта коомдук кабылдамалардын туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу.
- Заманбап технологияларын колдонуу аркылуу шайлоочулар менен түз байланыш.
- СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН БАГЫТТАРЫ
5.1. Экономика:
- «Аймак Инвестиция» программасы — аймактарда өндүрүш жана агротехникалык чарбаларды түзүү;
- Агро-технологияларды жана фермердик кооперацияны өнүктүрүү;
- Жашыл энергия — шамал, күн жана суу ресурстарынын негизинде жаңы энергетика;
5.2. Билим жана жаштар:
- Билим берүүдө ыйман жана адеп сабактарын киргизүү;
- «Жаштар үчүн Инновация» борборлорун ар бир аймакта ачуу;
- Стажировкалар жана гранттардын улуттук программасын киргизүү;
5.3. Экология жана жаратылыш байлыктары:
- “Жашыл Кыргызстан” - токойлорду, суулар жана ирригация системаларын калыбына келтирүү;
- Жер ресурстарын жана жайыттарды калыбына келтирүү;
- 6. МАМЛЕКЕТТИК РЕФОРМАЛАРГА КӨМӨК
- Министрликтерди оптималдаштыруу, бюрократияны кыскартуу.
- “1 документ - 1 терезе - 1 мүнөт” принциби боюнча элге кызмат көрсөтүү.
- Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, онлайн кызмат.
- Бийлик башкарууну борбордоштуруу жана бюджетти турукташтыруу.
КЫЗМАТЫМ – ЭЛИМДИН БАКУБАТ ЖАШООСУ ҮЧҮН!