ТУРСУНБАЕВ АЗИЗБЕК АТАКОЗУЕВИЧ

1966-жылдын 3-майында Ош облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз медициналык институтунун стоматологиялык факультетин аяктаган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 15.07.1983-20.04.1984-жылдары Ала-Бука районунун «Бирлик» совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

02.07.1986-25.08.1987-жылдары Ала-Бука районундагы “Актам” совхозундагы №3 бөлүмдө жумушчу;

27.08.1987-23.06.1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун студенти;

15.06.1990-11.01.1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун профилактория Санаториясында медицина кызматкери;

01.12.1993-30.09.1994-жылдары Ала-Арча ПТЦнын коммерциялык борборундагы санитардык абалды көзөмөлдөөчү инспектор жана контролёр;

01.09.1994-31.07.1995-жылдары Ош облустук стоматологиялык поликлиникасынын интернатурасы;

15.08.1995-10.10.1999-жылдары Нур» алмашуу бюросунун коопсуздук кызматкери;

17.11.2000-12.03.2003-жылдары Ош шаарындагы «Шекер-Ордо» ЖЧКнын соода-сатык иштери боюнча башчысы;

19.03.2003-25.01.2005-жылдары «Ошкрастекст» ЖЧКнын Бишкек филиалынын директорунун орун басары, директор;

27.03.2005-22.20.2007-жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган;

24.05.2005-08.12.2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын агроөнөр жай комплекси жана экология боюнча комитетинин төрага орун басары;

 

21.12.2007-07.04.2010-жылдары IV чакырылыштагы КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары;

07.07.2011-16.08.2012-жылдары Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы   - губернаторунун милдетин аткаруучу;

28.10.2015-29.12.2021-жылдары VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

12.11.2015-29.12.2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрага орун басары;

29.12.2021-жылдан бери VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; 

12.01.2022-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин “Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөсү;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси; 

“Даңк” медалынын ээси;

Үй бүлөлүү, беш баланын атасы.