“Элиме камкордук — келечек үчүн бирге”

        

№15 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары мен өлкөбүздүн жана аймагыбыздын өнүгүүсү, элдин бакубат жашоосу үчүн туруктуу шарттарды түзүүгө, ар бир жараныбыздын укуктарын коргоого жана келечек муунга таза жана гүлдөп-өнүккөн коом калтыруу максатында төмөнкү программаны сунуштайм.

 

  1. Жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканын өнүгүүсүнө салым кошуу жана айыл чарбасын колдоп, өнүктүрүү максатында:

- Мыкты стартаптарды жана чакан бизнести колдоо үчүн жеңилдетилген кредиттик программаларды ишке киргизүү;

- Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү заманбап ишканаларды курууга ички жана тышкы инвесторлорду тартуу;

- Санарип технологияларды колдонуу менен айыл-чарба тармагында натыйжалуулукту жогорулатуу;

- Дыйкандарды жазгы талаа иштери үчүн жеңилдетилген акчалай кредиттер жана материалдык жардамдар менен камсыздоо: үрөн, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү май;

- Түшүмдү жогорку баада сатууга шарт түзүү максатында райондо “Соодага даярдоо” пункттарын жана соода түйүндөрүн ачуу;

- Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана өнүктүрүү аркылуу өндүрүштү уюштуруу керек.

 

  1. Тоо-кен тармагын өнүктүрүү жана жоопкерчиликти жогорулатуу:

- Тоо-кен ишканалары жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзүүдө артыкчылык бериши жана инфраструктуралык маселелерди чечүүгө көмөктөшүүсү;

- Экологияны сактоо жана аймактын турмуш шарттарын жакшыртуу боюнча тынымсыз мониторинг жүргүзүү;

- Жергиликтүү калкка социалдык колдоолорду, медицина жана билим берүү жаатында жардам көрсөтүүсү абзел.

 

  1. Эко-туризмди өнүктүрүү:

- Аймактагы тарыхый жана табигый байлыктарды коргоо менен туристтердин агымын арттыруу;

- Туризмди илгерилетүү үчүн интернет, медиа, маалыматтык кампанияларды активдүү жүргүзүү;

- Аймакта заманбап туристтик инфраструктураны түзүү, жолдорду, тейлөө жайларын жакшыртуу керек.

 

  1. Ден соолукту коргоо жана медицинаны өнүктүрүү:

- Ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу;

- Медициналык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;

- Элет жериндеги медицина кызматтарын жакшыртуу талапка ылайык.

 

  1. Билим берүү системасын модернизациялоо:

- Мектептердин материалдык-техникалык базасын күчөтүү, заманбап окуу китептери жана электрондук куралдар менен камсыздоо;

- Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программаларын уюштуруу;

- Мектептерде инновациялык жана чыгармачылык программаларды киргизүү зарыл.

 

  1. Укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу:

- Мамлекеттик жана коомдук көзөмөлдү күчөтүү аркылуу укук коргоо жана сот органдарынын ишин ачык жана эффективдүү кылуу;

- Жарандардын укуктарын коргоону күчөтүү үчүн коомдук кабылдамалар уюштуруу абзел.

 

  1. Жаштардын потенциалын өнүктүрүү:

- Жаштар үчүн спорттук, маданий жана интеллектуалдык борборлорду ачуу;

- Жаштардын ишке орношуу программаларын, кесиптик окуу жана стажировка мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;

- Жаштардын демилгелерин, лидерлик жана инновациялык идеяларын ишке ашырууну колдоо талапка ылайык.

 

  1. Экологияны коргоо жана туруктуу өнүгүү:

- Табиятты коргоо жана экологиялык таза технологияларды өнүктүрүү;

- Аймактагы экологиялык абалды көзөмөлдөө жана таза суу, аба сапатын жакшыртуу;

- Түп-тамырдан пластик жана башка зыяндуу материалдарды азайтуу программаларын жөнгө салуу бүгүнкү күндүн талабы болуп саналат.

 

Мен, талапкер катары, аймактын өнүгүүсү, калктын ден соолугу, укуктарынын корголушу жана келечек муундун кызыкчылыгын эң алдыңкы орунга коюп иштөөгө мындан ары дагы даярмын. Элдин ишенимин актап, биргеликте Кыргызстанды өнүккөн, күчтүү жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу максатында иштеп келгем жана иштей берем.