ТУРГУНБЕК УУЛУ НУРЛАНБЕК
Тургунбек уулу Нурланбек 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган, Жогорку билимдүү. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн, 1996-1997-жылдары “Обон” гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактор, 1997-1999-жылдары “Учкун” гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген.
1999-2004-жылдары “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы, 2005-2006-жылы “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору кызматтарын аркалаган.
2006-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы, 2009-2010-жылдары “ЭлТР” коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору ал эми 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри болуп иштеген.
2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде фракциянын лидеринин кеңешчиси болуп иштеген.
2017-2021-жылдары “2 канал” (New TV) жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп иш алып барган.
2021-жылы № 17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1 -класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
КМШнын Аткаруу комитетинин Ардак грамотасы, ШКУнун юбилейлик медалы жана башка бир катар ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Ошондой эле Казакстан Республикасынын II даражадагы “Достук” орденинин ээси.