Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:
Аксы, Ала-Бука, Чаткал округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тургунбек уулу Нурланбектин программасы
Кыргызстандын калкынын дээрлик үчтөн экиси аймактарда, борбордон алыс жайгашкан айылдарда жашайт. Андыктан, элет элинин жашоо-шартын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу керек. Бул үчүн айылдардагы бардык ресурттарды туура пайдаланып, аларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулушу шарт. Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун камтыган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкер катары аталган аймактарды алдыга жылдырууга арналган программамда төмөндөгү төрт багытты сунуштайм:
Билимдүү элет – өнүккөн мамлекет!
Азыркы ааламдашкан доордо биз дүйнөнү билимибиз менен гана багынта алабыз. Андыктан агартуу тармагын алдыга жылдырып, аймактардагы билим берүүнүн сапатын жогоруталууга астейдил мамиле жасообуз зарыл. Өткөн чакырылышта Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүп, мектеп жана бала бакчаларды тейлеген өзүнчө министрлик түзүү сунушун киргизгем. Аталган демилгебиз ишке ашып, азыр башталгыч жана орто билим берүү мекемелерин Агартуу министрлиги тейлеп жатат. Эми баштаган реформаларды мындан ары да жигердүү улантып, жаңы бала бакча, мектептерди куруу менен гана чектелбей, алардагы окутуунун сапатын көтөрүүгө көңүл бурушубуз керек. Ар бир бала мамлекет тарабынан окуу китептери менен камсыздалып, ар бир мугалим татыктуу айлык акы менен иштөөсү абзел. Мында заманбап технологияларга жана санариптик мүмкүнчүлүктөргө чоң артыкчылык берилиши кажет. Андыктан, депутаттык ишмердүүлүгүмдүн алкагында Аксы, Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы билим берүү жайларын жаңыртууга жана алардагы шарт-жагдайды жакшыртууга басым жасайм.
Саламат жаран – улут байлыгы!
Биздин мамлекеттин башкы байлыгы – эл. Ошондуктан, калктын саламаттыгына кам көрүү менен сергек жашоо образын жайылтууга мамлекет өзгөчө көңүл бурушу керек. Өткөн чакырылышта көйгөйлөрдү өз учурунда көтөрүп Аксы районундагы бир катар медициналык мекемелерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы айрым саламаттыкты сактоо жайларына заманбап жабдууларды алып берүүгө жетиштик. Ошону менен катар Кербен шаарында борбордук стадион курулуп, бир катар спорттук аянтчаларды да салууга үлгүрдүк. Мындан ары да башталган иштер уланып, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы бардык медициналык жайларды жаңылоо аракетин көрөбүз. Анын ичинен Ала-Бука райондук санитардык эпидемиологиялык мекемесинин жана ушул эле аймактын поликлиникасынын заманбап 2 кабаттуу имараттары курулат.
Ошондой эле Кербен шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында саркынды сууларды тазалоочу курулма ишке берилди.
Жолдор жана каналдар аймактарды алдыга жылдыруунун башкы куралы
Кыргызда “Жол оңолмоюн – иш оңолбойт”, “Суу – өмүр булагы” – деген накыл кептер бар. Анын сыңарындай, биз аймактардын жолун оңдоп, суусун камсыздап берсек эл өзү эле өнүгүүгө багыт алат. Андыктан башкы максатым табияты катаал, тоолуу Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы негизги жолдордун бардыгын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү. Өткөн чакырылышта аталган аймактардагы жолдорду жаңылоо маселесин байма-бай көтөрүп, жеке кийлигишүүм менен айрымдарын ишке ашырууга да жетиштик. Анын ичинен Чаткал эли үчүн стартегиялык мааниге ээ 174 чакырымдык Ала-Бука – Жаңы-Базар – Киров жолунун басымдуу бөлүгү бүткөрүлдү. Буга кошумча Чаткалдан Талас облусуна ашкан ашуудагы узундугу 19 км жолдо дагы оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Аксы жана Ала-Буканы байланыштырган 40 км Кербен – Ала-Бука жолу жаңылануу алдында турат. Муну менен катар 10 чакырымдык Ала-Бука – Шекафтар жолун салдырууга да үлгүрдүк. Бул жол быйыл ишке берилет. Туристтик инфраструктураны жакшыртуу максатында 6 км Ак-Там - Сафед-Булан жолу кийинки жылы толук оңдооодон өткөрүлөт.
Ал эми Аксы районунда соңку үч жыл аралыгында 200 чакырымдан ашуун унаа жолдору курулду. Алсак, Кербен шаарынын “Айланма” жолу (9 км), Кербен – Таш-Көмүр жолу (60 км ашык, басымдуу бөлүгү бүткөн), Кербен – Үч-Коргон ГЭС жолу (15 чакырымында куруу иштери жүрүүдө), Кербен – Кара-Жыгач жолу (быйыл 14 км оңдолду, эмдиги жылы толук бүткөрүлөт), Кербен шаарынын борбордук жолдору, Сары-Челек көлүнө алып барган жол, ошондой эле айылдарды байланыштарган бир топ ички унаа жолдор салынды. Чейрек кылымдан ашык долбоор катары айтылып келген Ак-Терек каналы да быйыл ноябрь-декабрь айларында ишке берилсе, 4 миң гектардай жерди суу менен камсыздоо иши колго алынат. Муну менен катар беш чакырымга жакын узундуктагы Барпы каналы да салынууда. Ал эми Ала-Букадагы Орток-Бел каналын куруу демилгебиз дагы ишке ашып жатканына сыймыктанам. 2 млрд сомдук долбоор аягына чыгып, канал ишке киргенде 7 миң гектар айдоо жери сугат суу менен камсыз болот.
Туризм жана өндүрүш – элеттиктердин жашоосун жакшыртуунун негизги жолу!
Бүгүнкү күндө Ала-Бука менен Чаткалда бир нече тоо-кен ишканалары иштеп жатат. Мына ошол компаниялардын жергиликтүү аймакка байланыштуу келишимдери менен шарттарын кайра карап чыгып, райондун кызыкчылыгына пайдасын арттыруу максатында социалдык пакеттерди жакшыртуу учур талабы. Ошону менен катар аймактагы агын сууларга чакан ГЭСтерди куруп, энергетика өндүрүшүн да алдыга жылдыра алабыз. Ошону Аксы, Ала-Бука жана Чаткал аймактарынын туристтик потенциалы да өтө жогору. Андан тышкары, аталган үч аймак малга жайлуу жана өсүмдүк өстүрүүгө да ыңгайлуу. Бирок баары чийки зат түрүндө гана рынокко чыгарылып, кайра иштетүү тармагы колго алынбай келет. Андыктан эт-сүт азыктарынан баштап, жер-жемиштерге чейинки продукцияларыбызды кайра иштетип, экспорттоо жагын жолго коюу менен логистикалык маселелерди да кыска убакытта чечишибиз керек.
Туристтик инфраструктураны жакшыртуу максатында 6 км Ак-Там - Сафед-Булан жолу кийинки жылы толук оңдооодон өткөрүлөт. Мындан тышкары аймакка эле эмес бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө таанымал Сафед-Булан тарыхый-мемориалдык комплекси «Экинчи Мекке» болот. Ал үчүн бардык шарты бар заманбап отель салынат. Чаткал районундагы ыйык жерлердин бири болгон Ыдрыс Пайгамбардын күмбөзүнө кеткен жол оңдолуп, зыяратчыларга бардык шарттар түзүлөт. Муну улай эле кышкы туризмди өнүктүрө турган жогорку деңгээлдеги Чаткал Resort лыжа базасы курулат. Табияты суктандырган Кара-Токой туристтик аймагын өнүктүрүү боюнча дагы комплекстүү иштер жүрөт. Ошондой эле айтылуу Сары-Челек, Падыша Ата, Бозбу тоо, Балтыркан, Кара-Камыш сыяктуу көргөндүн көзүн суктантып, көз жоосун алган кооз жерлерибизге заманбап туристтик мекемелерди куруп, туристтердин санын эмес, сапатын арттыруу үчүн капчыктуу саякатчылардын келүүсүнө шарт тузүүбүз милдет!