ТУМАНБАЕВА РАДА МУРАТАЛЫЕВНА

Туулган күнү: 1970-жылдын 5-майы
Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Кербен шаары

Билген тилдери: кыргыз, орус

Билими жогорку. 1992-жылы Фрунзе политехникалык институтун «технолог» адистиги боюнча бүтүргөн.
2013-жылы Ош технологиялык университетин «экономист» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1992-жылы Шамалды-Сай күйүүчү майды өткөрүү базасынын алдындагы «Урмат» өндүрүштүк-коммерциялык фирмасында кадрлар бөлүмүнүн инспектору болуп баштаган.

1993–1998-жылдары Таш-Көмүр нан заводунда технолог болуп иштеген.

1998–2002-жылдары Ош технологиялык университетинин «Тамак-аш технологиясы» кафедрасында инженер, кийин окутуучу болуп эмгектенген.

2002–2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык табиятты коргоо фондусунун киреше жана талдоо бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген.

2004–2010-жылдары «Этникалык азчылыктардын жана чет өлкөлүк жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо борбору» коомдук фондусунда корпоративдик байланыш боюнча координатор болуп иштеген.

2010–2011-жылдары «Радиус-Юг» ЖЧКсынын директору.

2011–2012-жылдары «Алик Транс» ЖЧКсынын директорунун орун басары.

2012–2014-жылдары «Бай Транс» ЖЧКсынын директорунун орун басары.

2014–2015-жылдары «Аргымак Карго» ЖЧКсынын директору.

2015–2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондорду өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү болгон.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аял депутаттары форумунун төрайымы болгон.

Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

Сыйлыктары жана ардактуу наамдары: «Ардактуу атуул» – Кашка-Суу айыл өкмөтү (май 2019-ж.), «Ардактуу атуул» – Кербен шаары, «Ардактуу атуул» – Аксый району (06.10.2018-ж.), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин юбилейлик медалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2018-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (16.08.2021-ж.), «Айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери» медалы (05.06.2020-ж.), «Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдаганы үчүн» медалы (30.06.2021-ж.), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Датка айым» медалы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин «Айыл чарбасынын мыктысы» медалы (25.06.2020-ж.), Мамлекеттик кызматтын Мамлекеттик кеңешчисинин III класстагы чини (2020-ж.), «Кыргыздын алдыңкы айымы» медалы («Эркин-Тоо» басмасы тарабынан)