№15 ОКРУКТАН ТАЛАПКЕР РАДА ТУМАНБАЕВАНЫН ПРОГРАММАСЫ
«АКСЫ–АЛА-БУКА–ЧАТКАЛ 2030»
- Жалпы жоболор
«Аксы–Ала-Бука–Чаткал» программасы — Жалал-Абад облусунун үч району: Аксы, Ала-Бука жана Чаткалдын социалдык-экономикалык, инфраструктуралык жана технологиялык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган комплекстүү стратегия болуп эсептелет.
Программанын негизги максаты — мыйзамдык системаны өркүндөтүү аркылуу жарандардын жашоо сапатын жогорулаткан, туруктуу өнүгүүнү, калктын иш менен камсыз болушун камсыздаган бирдиктүү экономикалык, билим берүү жана инновациялык мейкиндикти түзүү.
- Максаттар жана милдеттер
- Жаштардын билим алуусуна жана кесиптик өзүн-өзү ишке ашыруусуна шарт түзгөн заманбап мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу.
- Оорулардын алдын алуу боюнча системалуу иш жүргүзүү, калктын медициналык сабаттуулугун жогорулатуу жана аялдардын ден соолугу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
- Кичи ГЭСтер жана жаңылануучу энергия булактары аркылуу энергетикалык өз алдынчалуулукка жетишүү.
- Жарандардын чечим кабыл алуу процесстерине активдүү катышуусун камсыз кылуу.
- Экологиялык жактан таза туризмди жана тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү.
- Башкаруу жана билим берүү тармагына заманбап санариптик технологияларды, анын ичинде жасалма интеллект элементтерин киргизүү.
- Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары
3.1. Билим берүү, жаштар жана креативдүү экономика
Максат: адам капиталын өнүктүрүү жана санариптик, жашыл экономика үчүн кадрларды даярдоо.
3.2. Ден соолук жана аялдардын жыргалчылыгы
Максат: аялдар үчүн жыл сайын милдеттүү, акысыз профилактикалык медициналык текшерүүлөрдү (чекаптарды) уюштуруу.
3.3. Агроинновациялар жана кайра иштетүү
Максат: фермерлердин кирешесин жогорулатуу жана жогорку кошумча наркы бар агроөнөржай экосистемасын түзүү.
3.4. Туризм, маданият жана бизнес
Максат: региондук туризмди өнүктүрүү жана жергиликтүү өзгөчөлүктү чыңдоо.
3.5. Башкаруу, санариптештирүү жана жасалма интеллект
Максат: ачык, тунук жана технологиялык башкаруу системасын түзүү.