ЭШБАЕВА МИРГҮЛ АЛМАНБЕТОВНА

Эшбаева Миргүл Алманбетовна 1983-жылдын 28-майында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Шекафтар айылында туулгам. Улутум кыргыз.  Жогорку  билимдүү. 2003-2005-жылдары Б.Алыкулов атындагы Маданият техникумунда окуп, биринчи дипломумду алгам. Ал эми 2012-2015жылдары (Жалал-Абад Мамлекеттик Университет) ЖАМУнун журналистика факультетинин журналистика бөлүмүндө 4-курска чейин окуп, журналистика факультети жоюлуп кеткенине байланыштуу окууну Кыргыз тили жана филологиясы факультетине которгом. Натыйжада кыргыз тил жана адабияты боюнча жогорку билимге ээ болдум. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик Башкаруу Академиясынынын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын «Мамлекеттик башкаруу жана аялдардын лидерлиги» профили боюнча магистердик программасы боюнча окуп жатам.  

           Эмгек жолумду 2006-2007-жылдары Жалал-Абад облустук Маданият башкармалыгында жетектөөчү адис кызматын аркалоо менен баштагам.      

2007-жылдан тарта Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясында  программалардын алып баруучусу, коммерциялык дирекциянын башчысы болуп 2012-жылга чейин иштедим.

2012-жылдан тарта  Жалал-Абаддагы “7-канал” телерадиокомпаниясынын жаңылыктар бөлүмүндө кабарчы жана алып баруучу болуп 2017-жылга чейин эмгектендим.

2020-2021-жылдар аралыгында  “Нур ТВ” телеканалында “Аруу аял” автордук берүүсүнүн алып баруучусу жана “Ынтымак” коомдук регионалдык телерадиокомпаниясында жаңылыктар бөлүмүнүн кабарчысы болуп иштедим.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мекеме жетекчилери тарабынан берилген бир топ ардак грамота, сыйлыктарым бар.  

Ал эми 2021-жылдан тарта алгач,  Кыргыз Республикасынын     Жогорку Кеңешинин Аппартынын Басма сөз кызматынын башчысынын орун басары болуп иштедим.  Андан соң Басма сөз кызматынын улук консультанты, “ Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясында келишим менен эксперт   болуп эмгектенип, андан соң депутаттын жардамчысы, учурда депутаттын консультанты болуп иштеп жатам.

Дээрлик 17 жылдык эмгек жолумда мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде жетекчилик кызматтын жана коомчулук менен байланышуунун жогорку деңгээлин өздөштүрүп, ТВда (алып баруучулук, так туура сүйлөө жана монтаждоо) радиодо жана сайтта мыкты тажрыйба арттырдым.    Мыйзам жазуу ишине аралашып, катышып, мыйзамдардын иштөө механизмин терең түшүнүүгө, аймактагы реалдуу көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүү жолдорун табууга мүмкүнчүлүк берди. Ошол эмгек тажрыйбамдын негизинде бүгүнкү күндө Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланууга чечим кабыл алдым. Бул чечимим жеке максат эмес, элим үчүн кызмат кылуу, келечек муундарга өнүккөн Кыргызстанды калтыруу максатында жасалган кадам.