Башкы максаты: Аялдарга, балдарга, жаштарга, карыларга мамлекеттик деңгээлде кам көрүп, шарт түзүп берүү. Анын натыйжасында айылдагы жашоо деңгээлин жакшыртуу жана миграцияны азайтууга багыт алуу.
Урааны: “Айылга да шаардагыдай шарт түзөлү!”
Мен, Эшбаева Миргүл Алманбетовна, Аксы-Ала-Бука-Чаткал аймагынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып жатам. Өзүм Чаткал районунун Сумсар айылында төрөлүп өстүм. Минтип 42 жашка келгенимче үч дипломдун ээси болдум. 20 жылдан ашуун иш тажрыйбасын топтодум. Жетекчинин орун басары жана жетекчи кызматтарын аркалап келдим. Эң башкысы, журналист тармагында 15 жылдай эмгектенип, элдин көйгөйүн коомго жеткирдим. Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңеште иштеп жатканыма 5 жылга жакындады.
Эми ошол тажрыйбамды колдонуу үчүн кийинки тепкичке көтөрүлүүдөмүн, минтип Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып жатам. Анткени менин билимим, тажрыйбам, эмгегим элим үчүн жумшалышы керек. Төмөндө менин шайлоо алдындагы программам менен таанышып алыңыз:
1.Тоо-кен өндүрүшүнө (алтын кен компанияларына) жергиликтүү тургундарды тартуу
- Кен иштеткен компаниялар жергиликтүү калкты максималдуу жумушка алуусун квота аркылуу милдеттендирүү (аны мыйзам менен бекемдөө, көзөмөл органын аныктоо);
- Жаштар саясатын өнүктүрүүнү айыл шартына ылайыктап кайра иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу
- Айылдагы жаштар үчүн акысыз кесиптик курстарды уюштуруу, техникалык билим берүү борборлорун ачуу (кен иштетүү, механика, техника, коопсуздук, экология ж.б багыттар боюнча окутууларды уюштуруу);
- Аймактарда жаштар үчүн форум, тренингдерди активдүү өткөрүү;
- Айылдагы аялдарга, жаш балдарга кам көрүү
- Райондордо аялдарды, жаш балдарды зордук-зомбулуктан коргоо борборлорун түзүү, укуктук жардам алуу консультацияларын акысыз жеткиликтүү кылуу;
- Айылдагы жумушсуз аялдарды колдоо. Үй шартында иштөөгө шарт түзгөн мамлекеттик чакан грант программаларын иштеп чыгуу. Ишкердик менен алектенүүсүнө шарт түзүү;
- Аялдарга төрөткө чейин жана кийин психологиялык жардам берүү программасын киргизүү;
- Айылдагы саламаттык сактоо кызматын жакшыртуу:
- Айыл жергесине дарыгерлердин туруктуу иштеши үчүн атайын мотивациялык программаларды ишке ашыруу;
- Дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана үзгүлтүксүз окутууларды уюштуруу;
- Аялдар жана балдардын саламаттыгына багытталган программаларды активдештирүү (төрөт үйлөр, энелерге кам көрүү борборлору ж.б.).
- Билим берүү системасы боюнча:
- Окуучулар үчүн заманбап билим берүү шарттарын түзүү. Компьютердик класстар, лабораториялар, китепканалар (китептер) менен камсыз кылуу;
- Аймактагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын курстарды уюштуруу;
- Мугалимдер үчүн жеңилдетилген ипотека программаларын ишке киргизүү жана калыс көзөмөлдөө.