КЕРИМБАЕВ МУРАТАЛЫ ТОПЧУБАЕВИЧ
Туулган күнү: 22-январь 1984-жыл
Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Аксый району, Кара-Суу айылы
2001-жылы Кара-Суу орто мектебин аяктаган. Ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз агрардык академиясына тапшырган. 2003-жылы үй-бүлөлүк себептерден улам окуусун убактылуу токтотуп, 2019-жылы кайрадан ошол эле окуу жайга тапшырып, 2023-жылы ийгиликтүү аяктаган. Адистиги — «Айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы».
Эмгек жолу:
- 2012-жыл — «Ата Журт» саясий партиясынан БШКнын депутатыгына талапкер;
- 2019–2023-жылдары — «Глобалдык билимдер» коомдук бирикмесинин директорунун орун басары;
- 2020-жыл — «Мекенчил» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер.
Японияда квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн.
Региондогу айыл чарбасын өнүктүрүү, билим берүү жана жаштарды колдоо багытындагы коомдук иштерге активдүү катышып келет.
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Тил билүү: кыргыз жана орус тилдерин эркин билет, япон тилин керектүү деңгеелде, англис тилин үйрөнүүдө.