КР Жогорку кеңешинин депутаттыган талапкер Керимбаев Мураталы Точубаевичтин
“7 кадам” шайлоо платформасы
- Билим берүү жана жаштар саясаты
- Мугалимдердин эмгегин баалоо жана айлык маянасын жогорулатуу боюнча мыйзамдык демилгелерди көтөрүү.
- Жаштардын жогорку жана кесиптик билим алуусуна шарт түзүү – билим берүү гранттарын жана стипендияларды көбөйтүү.
- Айылдык жаштар үчүн IT-билим, чет тилдерин үйрөтүү жана заманбап кесиптик окутуу борборлорун ачуу.
- Айыл жергесиндеги мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого малекеттик бюджеттен каражат бөлдүрүүгө көмөктөшүү.
- Туризмди өнүктүрүү
- Региондогу жаратылыш ресурстарын, тарыхый эстеликтерин сактоо жана эл аралык деңгээлде таанытуу.
- Туристтик инфраструктураны өнүктүрүү (жол, мейманкана, маалымат борборлору).
- Жергиликтүү калкты туристтик кызмат көрсөтүүлөргө окутуу жана чакан бизнеске жеңилдетилген насыяларды алууга көмөктөшүү.
- Аймактык бренд катары “Чаткал-Ала-Бука-Падыша – Ата -Сары –Челек” тур долбоорун ишке ашыруу.
- Экология жана жаратылышты коргоо
- Кен иштетүүчү ишканалардын экологиялык жоопкерчилигин күчөтүү.
- Жер, суу, абанын булгануусуна жол бербөө боюнча көзөмөлдү күчөтүү.
- Токой, булак, сууларды коргоо жана калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программаларга аймактарды киргизүү.
- Экологиялык фонд түзүү жана анын каражаттарын жергиликтүү экологиялык долбоорлорго багыттоо багытында мыйзамдарды иштеп чыгуу жана аны көзөмөлдөө.
- Кайра иштетүү жана инвестиция тартуу
- Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан жана орто ишканаларды колдоо.
- Инвестиция тартуу үчүн жөнөкөйлөтүлгөн шарттарды түзүү жана мамлекеттик колдоону кеңейтүү.
- Логистикалык борборлорду түзүп, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.
- Аймактагы ишкерлер үчүн салыктык жеңилдиктерди сунуштоо.
- Айыл чарбасын өнүктүрүү
- Кайналы, жангак жана башка жергиликтүү продукцияларды чет өлкөгө экспорттоо үчүн кайра иштетүүнү өнүктүрүү, сапатын жогорулатуу жана эл аралык стандарттарга ылайык сертификаттоо системасын киргизүү.
- Сугат системаларын жаңылоо жана суу сактагычтарды куруу маселесин алдыга жылдыруу.
- Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана фермерлерди бириктирүү.
- Мал чарбачылыгын, өзгөчө тоолуу райондордогу эт жана сүт өндүрүшүн колдоо.
- Социалдык маселелер
- Айылдык дарыгерлерге, мугалимдерге жана социалдык кызматкерлерге турак жай жана материалдык колдоо көрсөтүү.
- Жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды жана оорукаларды оңдоо, жаңыларын куруу.
- Ар бир үй-бүлө үчүн жеткиликтүү социалдык камсыздоо программаларын ишке киргизүү.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана карылар үчүн атайын колдоо программалары.
- Мыйзамдуулук жана жарандык жоопкерчилик
- Мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо жана мамлекеттик органдардын эл алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу.
- Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана коомдук көзөмөл механизмин түзүү.
- Эл менен бийлик ортосундагы ачык диалогду камсыз кылуу.
- Ар бир жарандын укугун коргоо жана сот адилеттигин бекемдөө.