ДЖУМАБЕКОВ ДАСТАНБЕК АРТИСБЕКОВИЧ
Джумабеков Дастанбек Артисбекович 1976-жылы 2-ноябрда Талас областындагы Кара-Буура районунун Саткей айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.
2007-2009 жылдары «ЯКАД» ЖЧКсында Башкы директору.
2009-2010 жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча көчмө механикалаштырылган отрядынын Башчысы.
2010-жылы октябрда «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2014-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын Лидеринин орун басары.
2015-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын Лидери болуп шайланган.
2015-жылдын 4-октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды.
2017-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган.
2021-жылдын ноябрында №20-бир мандаттуу Манас шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.