«АК ЭМГЕГИМ - ЭЛИМЕ» ШАЙЛОО ПРОГРАММАСЫ

 

УРМАТТУУ

менин шайлоочуларым, урматтуу Талас облусунун тургундары,

Кыргызстандын жарандары!

 

Мен, Жумабеков Дастанбек Артисбекович,   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ак эмгегим - элиме” деген конкреттүү программа менен депутат болуп шайланууну кɵздɵдүм.

Сиздердин колдооңуздар менен Жогорку Кеңештин үч чакырылыштагы депутаты болуу сыймыгына ээ болдум. 15 жылдан бери жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу, Талас облусунун көйгөйлөрүн чечүү жана өлкөбүздүн потенциалын чыңдоо багытында эмгектеип келем. Сиздердин колдооңуздар  мени Кыргызстандын элине, Мекенибизге, балдарыбыздын келечегине мындан ары да ак ниет кызмат кылууга шыктандырат. Талас облусундагы №16 шайлоо округунун жана бүтүндөй Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өнүгүшү үчүн биргелешип жаңы амбициялуу максаттарга жетишүү үчүн мен сиздердин колдооңуздар менен Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына  аттанууну туура кɵрдүм.

Биздин күчүбүз - биримдикте, касиеттүү жерибизде, мээрман элибизде! Бүгүнкү күндө Талас облусунда сугат жана таза суунун тартыштыгы, жаштардын сыртка кетиши, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы шарттар жеткиликтүү болбой жатат. Менин «Ак эмгегим - элиме» аттуу программам Талас облосундагы №16 шайлоо округунун экономикалык жактан ɵнүгүшүнɵ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн  системалуу социалдык ɵзгɵрүүлɵрдү  жүзɵгɵ ашырууга багытталган.

Менин максатым: Талас облусундагы №16-округду  мүмкүнчүлүктөрдүн борборуна айландыруу, жарандарыбызды дүйнөлүк стандарттагы билим жана жумуш менен камсыз кылуу жана төмөндөгү стратегиялык планды ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын ар бир жаранын ишенимдүү коргоого кепилдик берүү:

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин мыйзам чыгаруу демилгелерин ишке ашыруу жана чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча стратегиялык планы

 

I  МАКСАТ:

Жаңы, татыктуу билим берүү жана адамдык капиталды өнүктүрүү — кадрлардын жетишсиздигин чечүү жана жаш адистерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

 

II  МАКСАТ:

Инвестицияларды тартуу жана күчтүү экономиканы түзүү – капиталды тартуунун натыйжалуу эрежелерин жана кепилдиктерин аныктоо, аймакты адистештирүү.

 

III  МАКСАТ:

Суу жана агрардык коопсуздукту түзүү — Кыргыз Республикасынын жана Талас облусунун №16 округунун экономикалык өнүгүүсү үчүн кошумча мыйзамдык негиздерди түзүү жана айылдык кирешелерди турукташтыруу.

 

IV  МАКСАТ:

Комплекстүү инфраструктураны жана энергетикалык көз карандысыздыкты өнүктүрүү – мыйзам чыгаруу көзөмөлү аркылуу жашоо жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

 

V  МАКСАТ:

Чет өлкөдө эмгек миграциясын коргоо – үй-бүлөлөрдү мыйзам чыгаруу коргоосу жана дүйнөлүк эмгек рыногуна чыгуу.

 

VI  МАКСАТ:

Адилеттүү социалдык кепилдиктер – мыйзам чыгаруу демилгелери аркылуу ишенимди бекемдөө, финансылык адилеттүүлүк жана жарандарды коргоо.