РАСУЛ КЫЗЫ МИРГҮЛ

Мен, Расул кызы Миргүл, 1988-жылы Талас облусунда төрөлгөм. Үй-бүлөлүмүн, бир кыздын энесимин.

2006-жылы Бишкек медициналык колледжине тапшырып, 2009-жылы «Ортопедиялык стоматология» адистиги боюнча билим алдым. Андан соң И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинде жогорку билимимди уланттым. Кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу К. Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиянын магистратурасын бүтүрдүм.

2010-жылдан бери Бишкек медициналык колледжинде эмгектенем. Азыркы учурда «Ортопедиялык стоматология» бөлүмүнүн башчысы болуп иштейм.

2016–2017-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаты болуп иштегем. 2024-жылы кайрадан Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын депутаты болуп шайландым.

Негизги ишимден тышкары, «БилимТал» коомдук бирикмесинин Камкорчулар кеңешинин мүчөсүмүн жана билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып келем.

Эмгегим жана коомдук ишмердүүлүгүм үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2023), Саламаттыкты сактоо министрлигинин (2024), Бишкек шаардык кеңешинин (2018) жана Бишкек шаарынын мэриясынын (2017) Ардак грамоталары менен сыйлангам.