Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер М. Расул кызынын шайлоо алдындагы программасы:
15 жылдан бери медициналык билим берүү жаатында эмгектенип, жаштар менен тыгыз иш алып барып келе жаткан адис катары ушул тармактардын көйгөйлөрүн жакшы билем, аларды чечүү боюнча дагы конкреттүү сунуштарым бар. №16 Талас округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына аттанып жатып, ишмердигимдин артыкчылыктуу багыттары катары төмөнкүлөрдү тандап алдым:
- Сапаттуу жана заманбап билим берген, окутуучулардын жана билим алуучулардын укуктары менен кызыкчылыктарын бирдей камсыздаган билим берүү системасын калыптандыруу
Биздин кадамдар:
- Мугалимдерге жеңилдетилген ипотека жана кошумча төлөмдөр боюнча мыйзамдык демилгелерди сунуштоо;
- Билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүү жана сапатын жакшыртуу боюнча программаларды иштеп чыгуу;
- Окуучулардын билимин тереңдетүү үчүн гранттык долбоорлорду тартып келүү жана шыктандыруучу иш-чараларды уюштуруу.
- Мезгилдин талабына ылайык кызмат көрсөткөн жана квалификациялуу кадрлар менен камсыздалган медицина тармагын түзүү
Биздин кадамдар:
- Медицина тармагына бөлүнгөн мамлекеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө;
- Жаш дарыгерлерге жеңилдетилген ипотека жана стимул берүүчү мыйзамдык механизмдерди иштеп чыгуу;
- Ооруларды алдын алуу жана элдин саламаттыгын чыңдоо боюнча маалыматтык кампанияларды демилгелөө.
- Жаштар өз жеринде калып, ушул жерде иштеп, бар күчүн жана энергиясын сүйүктүү Таласыбыздын өнүгүүсү үчүн жумшай турган шарттарды түзүү
Биздин кадамдар:
- Жаштардын демилгелерин жана стартаптарын каржылоого мамлекеттик жана эл аралык гранттык программаларды тартуу;
- Спорттук жана маданий жайларды көбөйтүү боюнча жергиликтүү бийлик менен биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү;
- Жаш үй бүлөлөр үчүн жеңилдетилген ипотеканы кеңейтүү маселесин көтөрүү.
Менин максатым – билимдүү муунду тарбиялоо, медицина тармагын өнүктүрүү жана аймактагы жаштарды колдоого алуу.
Эмгегибиз эл үчүн!