МУРАТАЛИЕВ МАРАТ МОЛДОНОВИЧ

Мен, Мураталиев Марат Молдонович, 1967-жылдын 23-июнунда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Грозное айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Улуту — кыргыз. Үй-бүлөлүүмүн, үч кыздын жана бир уулдун атасымын.

1984-жылы өзүмдүн туулуп-өскөн Грозное айылындагы орто мектепти бүтүргөм. Бир жыл эмгектенген соң, 1985–1987-жылдары Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөм. 1987–1989-жылдары Фрунзедеги Кооперативдик техникумда билим алып, аны ийгиликтүү аяктап, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукцияларын даярдоо адистигине ээ болгом.

1989–1992-жылдары эмгек жолумду Чүй облусунун Чүй райзаготконторасында баштагам. 1992–2007-жылдар аралыгында Талас облусунун Кара-Буура районунда жеке ишкердик менен алектенгем. 2007–2015-жылдары «Курулуш-Арсенал БМ» курулуш компаниясын жетектегем.

Эмгек ишмердүүлүгүм менен катар коомдук турмушка да активдүү катышып келгем. Тактап айтканда, 2009–2012-жылдары Кара-Буура райондук кеңешинин депутаты, ал эми 2012–2015-жылдары Талас шаардык кеңешинин депутаты болуп иштегем. 2016–2017-жылдары Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгын жетектегем. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, 2020-жылдын октябрь айына чейин ийгиликтүү иш алып баргам.

2021-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп иштейм, «Ишеним» саясий партиясынан.

Жогорку билимим бар. Кесибим — экономист-менеджер жана курулушчу. Айыл чарбасынын, элет тургундарынын социалдык турмушунун көйгөйлөрүн жакындан билем жана иш учурунда аларды чечүүгө аракет кылып келем.