Кыргыз Республикасынын сегизинчи чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Марат Мураталиевдин шайлоо алдындагы программасы.

  Биз чогуу болгондо гана ѳзүбүздүн турмушту жакшырта алабыз! Кийинки парламент элдин ишенчи менен келген элдин өкүлдөрү болуш керек.

 

  1. Калктын саламаттыгы башкы орунда Улуттун ден-соолугу – мамлекеттин келечеги! • Жарандардын саламаттыгына кам көргөн толуккандуу саламаттыкты сактоо системасын түзүү жана кызматкерлерин татыктуу эмгек акы жана иштөө шарты менен камсыздоо; • Элдин саламаттыгына көңүл буру бир гана медицинадан көз каранды эмес. Элдин жашоо шарты, экология,улуттун саламаттыгын анык тайт.Мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн дени сакулут гана күчтүү мамлекет боло алат; • Өзгөчө тоолуу райондорду бардык тармактагы адистер менен камсыздоо; • Тез жардам унааларын алуу, эскилиги жеткен имараттарды оңдоо,жаңы имараттарды куруу, медициналык аппараттар менен камсыздоо.
  2. Калктын жашоо-турмушунун сапатын жогорулатуу • Айылды ѳнүктүрүү жана калктын жашоо шартынын сапатын жакшыртуу; • Социалдык турмушка багытталган саясатты жүргүзүү, социалдык жактан коргоону камсыз кылуу; • Айыл жеринде жашаган үй-бүлѳлѳр үчүн жеңилдиктин мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
  3. Калкты социальдык жактан тейлөө Мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык колдоонун чаралары жана программалары жѳнүндѳ калктын маалымат алуусун жогорулатуу.
  4. Билим Берүү • Билим берүүнүн жаңы стандарттарына, окуу китептерине өтүү, санариптик технологияларды активдүү пайдалануу, эл аралык рейтингин депозицияларды жакшыртуу; • Айылдык билим берүүнү ѳнүктүрүү; • Жетиштүү сандагы балдардын билим берүүчү мекемелерин куруу.
  5. Экономика Мындан тышкары ишкерлерге толук эркиндик берип, бизнести коргоо менен өлкөнү бүтүндөй эркин экономикалык аймака айландырууну максат кылат. Чек ара, тоо-кен иштетүү тармагы мамлекеттин кызыкчылыгына чечилиши үчүн түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу. Туруктуу экономикалык өнүктүрүү аркылуу элдин жашоо-турмушун жогорулатуу чөйрөсүндө Өкмөт кызыктыруучу инвестициялык климаты түзүү жана натыйжалуу салыктык жана бажылык саясатты жүргүзүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнү пландаштыруу; Жумуш орундарын түзүү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү.
  6. Айыл-чарбасында өнүктүрүү, суу маселеси 7. Айыл-чарбасын өнүктүрүүнү, экологиялык таза азык-түлүкөндүрүүнү жана кайра иштетүү технологияларына багытталган айыл-чарбанын моделин түзүүнү. Жаратылышты коргоо, эколо гияны сактоо менен туризмди өнүктүрүү; • Өндүрүшүбүздү көбөйтүп, экспортко чыгаруу мүмкүнчүлугүбуз чоң. • Чакан бизнести ѳнүктүрүүнү колдоо жана жумушчу орундарын түзүү •
  7. Маданий Баалуулуктар жана спорт • Кыргызстандын көп улуттуу элинин салт-сана аларын чагылдырган маданий, чыгармачыл жашоо тармагына колдоо көрсөтүү, диний сабаттуулукту калыптандыруу. • Улуттунаң-сезимин салтык баалуулуктарды, тарыхый, маданий өзгөчөлүктөрдү сактоо аркылуу өнүктүрүүгө шарт түзүү; • Балдар спортун ѳнүктүрүү; • Айыл жерлеринде маданият үйлѳрүн калыбына келтирүү; • Калктын руханий жана маданий жактан калыптанышы үчүн шарттарды түзүү.

 

  1. Экономика жана экономикалы коопсуздук

Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу ички экономиканы көтөрүү;

Энергетика тармагын жаңылоо жана альтернативалуу булактарды өнүктүрүү (кубаттуу ГЭСтер, күн жана шамал энергиясы);

Инвестиция тартуунун ачык жана коопсуз механизмин түзүү;

Өндүрүштү, экспортту жана жаңы жумуш орундарын көбөйтүү.

 

 

Жогоруда программамды жүзѳгѳ ашырууга жана Кыргызстандын жашоо шартын кѳтѳрүү үчүн менде билим да, тажрыйба да, жигердүүлүк да, эрк да жетиштүү деп ишенем. Жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн түзмө-түз чечкен, чынчыл парламент болуш керек. Үзүрлүү талыкпаган эмгекчилдик, бай тажрыйба, жоопкерчилик,камкордук элге кызмат кылуунун өбөлгөсү болот. Кесибин мыкты билген адам ийгиликтерди жаратат!