ЖАКЫШОВ РУСЛАНБЕК ШЕРГАЗИЕВИЧ
ӨМҮР БАЯН.
Жакышов Русланбек Шергазиевич
1974-жылы 19-мартта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында туулган. Жогорку билимдүү.
И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетин 2013-жылы инженер-механик адистигин ийгиликтүү аяктаган.
2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» бөлүмүн аяктаган.
1993-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Армиясында жоокердик милдетин аткарган.
2005-2010-жылдары ОАО «Ак-Жолтой» мекемесинде иштеген.
2010-2011- жылдары Бишкек шаардык мэриясына караштуу транспорт башкармалыгынын КТП бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эмгектенген.
2011-2013-жылдары ЖЧК «АИИД-Сервис» фирмасында директордун орун басары болуп эмгектенген.
2013-жыл январь-апрель айларында ЖЧК “КОМПАС-Транс” Башкы директор
2013-2015-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин районуна караштуу Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
2016-2017-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын депутаты болуп эмгектенди.
2017-2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын депутаты, 2018-жылдан баштап 2021-жылдын сентябрь айына чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
2021-жылы «Ишеним» партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ишеним” фракциясынын лидеринин орун басары.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракетеннүү комитетинин төрагасынын орун басары.
Үй бүлөөлү, үч кыз, бир уулдун атасы.