Урматтуу, мекендештер, замандаштар!
Шайлоого аттанып жатып, сиздерди өзүбүздүн программабыз менен тааныштырып кетким келип турат.
Негизги багыттар:
Адилеттүүлүк орногон мамлекетте гана өнүгүү болот. Ага жетүү үчүн өлкөдө жемкорлукка каршы мыйзамдар кабыл алынып, алар, эң негизгиси, иштеши керек. Ал үчүн элдин үнү бийликке жетип турушу зарыл жана бийликтин ар бир кадамы ачык-айкын болуп, элдин такай назарында болушу шарт. Менин негизги максаттарымдын бири ушул.
Билим берүү.
Келечек балдардын колунда. Андыктан билимдүү, келечекке кең караган балдарыбызды өстүрүп тарбиялаш үчүн көп жылдан бери курулушу аяктабай жаткан мектептердин жана бала-бакчалардын көйгөйүн чечип, эски мектептерди оңдоп, балдардын жылуу шарттарда окушун камсыздап, мектептерди заманбап технологиялык жабдыктар, китептер менен жабдуу, мен чечүүнү талап кылган маанилүү маселелерден болуп эсептелет.
Саламаттыкты сактоо.
Адамга биринчи кезекте кымбат болгон – ден соолук. Ошондуктан элге көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатын жакшыртышыбыз зарыл. Ал үчүн элет жерине билимдүү, күчтүү адистерди тартып, медицина кызматкерлерине мыкты шарттарды түзүп, айлык-маянасын жогорулатуу керек. Дары-дармектер бардыгына жеткиликтүү болушу шарт.
Суу – өмүрдүн булагы.
Суу – өмүр булагы. Калкыбыздын бардыгы ичүүчү таза суу менен камсыздалышы керек. Жылдан жылга суу маселеси курчуп бараткан заманда ирригациялык тутумдар калыбына келтирилип, оңдолуп, сууну сарамжалдуу колдонуубуз зарыл.
Айыл - чарба багыты.
Айыл - чарба өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнүн олуттуу секторлорунун бири. Айыл - чарба багытында эмгектенген дыйкандарды колдоого алуу зарыл. Ага жетүүнүн жолдорунун бири – дыйкандар үчүн өндүргөн продукцияларын түз алып сатууга шарт түзүү. Айыл-чарбасына инвесторлорду тартуу жана кызматташууга жагымдуу шарт түзүшүбүз абзел.
Дене тарбия жана спорт.
Өлкөбүздүн жарандарынын ден соолугу чың болушу үчүн спорттук мекемелер жетиштүү санда болуп, жакшы шарттар түзүлүшү керек. Өлкөбүз чакан болсо да спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча спортчуларды даярдоо жана жаш спорт чеберлерин колдоого басым жасообуз зарыл. Ошону менен катар улуттун улуттук өзгөчөлүгүн көрсөткөн улуттук спорт оюндарын өнүктүрүүгө көңүл буруу керек.
Урматтуу, мекендешим биздин программа, аталган жолдор, реалдуу жана аткарылчу факторлор менен коштолду, туураа тандоону жасоо сенин колуңда!