КАЙРЫЛБЕКОВА МЕДИНА КАЙРЫЛБЕКОВНА

Кайрылбекова Медина Кайрылбековна, 1984-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулгам.

2001–2006-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Чет тилдер факультетинде «Регионоведение» адистиги боюнча жогорку билим алдым. 2012–2015-жылдары Украинадагы МАУПФИБ окуу жайында Экономика факультетинде «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча билимимди уланттым.

Эмгек жолумду 2009-жылы Манас орто мектебинде англис тили мугалими болуп баштагам. Ошол эле учурда мектепте тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын да аркаладым. 2017-жылдан баштап өз алдынча ишкерлик менен алектенип келем.

Кошумча билим катары компьютердик сабаттуулук боюнча жана 1С бухгалтердик программасы боюнча курстарды аяктадым. Компьютердик программалардан Microsoft Office (Word, Excel, PowerPoint), 1С, интернет жана электрондук почта менен эркин иштей алам.

Тил билүү деңгээлим төмөндөгүдөй: кыргыз тили – эне тилим; орус тили – эркин сүйлөйм; англис тили – жакшы деңгээлде; кытай тили – баштапкы деңгээлде.

Коомдук ишмердүүлүк багытында билим берүү, маданият жана социалдык колдоо долбоорлорунун алкагында ар түрдүү иш-чараларга активдүү катышып келем. Атап айтканда, «Эсимде» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн эл аралык фестивалда кеңешчи катары катышып, маданий мурастарды сактоого жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошком.

Кызыкчылыктарым – табият, спорт, улуттук маданият жана каада-салттарды, кыргыз элинин санжырасын изилдөө.

Үй-бүлөлүк абалым – турмушка чыккам, төрт баланын энесимин.