Медина Кайрылбекова – Талас 2030

 

Таза суу. Сапаттуу жолдор. Бөтөн жерде эмес, өз мекенибизде иштөө. Аялдарды жана балдарды коргоо.

Мен чиновник эмесмин. Таластын кызымын. Талапкерлигимди мандат же портфель үчүн койгонум жок. Мен талас элинин үнү, мүдөсү жогорку бийликте жетиштүү угулсун деп баратам. Бийлик биздин аймактын көгөйлөрүн билип, эл менен эсептешсин деп аракет кылам.

Менин башкы үч максатым

Жаштарды жумуш менен камсыздоо. IT, агробизнес же кол өнөрчүлүк. Колледж, технопарк “Талас жаштар шаарчасын” түзөбүз.

Ар бир айылга суу.Ирригация жана таза суу маселеси чечилет. Суу боюнча өзүнчө программа кабыл алынат. Каржылоосу ачык-айкын болот.

Аялдар жана балдар үчүн коопсуз аймак.Ооруканаларда кризистик кабинеттер, акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүп, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жаза катаалданат.

Таласка жети убада

  1. Таза суу жана сугат. Талас облусу үчүн өзүнчө бөлүм менен «Суу мыйзамын» кабыл алуу.Сугат каналдарын оңдоо,аларды көзөмөлдөө. Ичүүчү сууну тазалоо системаларын киргизүү.
  2. Жолдор жана транспорт. “Талас-Тараз” автожолун,ички жолдорду капиталдык ремонт.Билим берүү мекемелеринин жанына асфальт төшөө жана жарыктандыруу. Айылдар аралык автобустар.Таласка жетүүнү арзан жана ыңгайлуу кылуу.
  3. Жумуш жана жеринде ишкерлик.Таласта «Чакан бизнести колдоо фондун» түзүү. Жеңилдетилген насыялар жана гранттар.Кайра иштетүүчү ишканалар.Таластын продукциясын экспорттоо.
  4. Аялдар жана балдар коргоо. Кризистик борборлор.Мектепте эртең мененки тамактарды жана ийримдерди бекер кылуу.Балдар жана карылар үчүн бекер дарылар.
  5. Заманбап мектептер жана саламаттыкты сактоо.Жаңы мектептерди жана балдар бакчаларын куруу.Мугалимдер үчүн турак-жай жана пособие.Ооруканаларга заманбап жабдуулар.
  6. Жаштар жана спорт. «Талас 2030» жаштар борборун түзүү.Акысыз IT жана англис тили курстары.Жаңы спорт залдар жана спорт аянтчалары.
  7. Талас - ишкер аялдар үчүн эң ыңгайлуу аймак. Таласта бардык жаңы бизнес гранттарынын жана арзан насыялардын 50%ы ишкер аялдарга бөлүнөт.

Аял күчтүү болсо, бүт үй-бүлө бекем, бүт аймак күчтүү болот.

Талас шаары ар бир аял өзүн коргогон, ар бир балага камкордук көргөн, ар бир үй-бүлө эртеңки күнгө ишенген жер болушу үчүн күрөшөм деп убада берем.

Анткени мен үчүн саясат амбиция эмес. Ал мен үчүн  биздин балдарыбыздын тагдыры, келечеги болуп саналат.