СЫЙДАЛИЕВА МЭЭРИМ ТӨРӨБЕКОВНА
Мен, Сыйдалиева Мээрим Төрөбековна, 1976-жылдын 2-октябрында туулганмын. Кусейин Карасаев атындагы БГУну “Кыргыз тили жана адабияты мугалими” адистиги боюнча 2013-жылы бүтүргөм.
Эмгек жолумду 2000- жылы Талас областынын Бакай-Ата районунун Мин-Булак айылында «Жетиген» дыйкан чарбасында эсепчи болуп иштеп баштагам.
2020-жылы К. Дикамбаев атындагы КР ТИМинин Дипломатиялык академиясын “Бизнес башкаруу” багыты боюнча аяктадым. 2024-жылдан бери Кусейин Карасаев атындагы БГУнун “Социалдык психология” адистиги боюнча аспиранты болом.
2013-жылдан 2024-жылга чейин Бишкек шаарындагы муниципалдык балдар билим берүү мекемелерин жетектегем. Азыркы учурда “Аялзат” маданий борборунун директору болуп иштейм. Коомдук жана башкаруучулук иш тажрыйбам бар, калктын социалдык жактан аялуу катмарынын жашоосуна активдүү катышам. Турмушка чыкканмын, төрт баланын энесимин, үч неберем бар. Бишкек шаарында жашайм.