ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
СЫЙДАЛИЕВА МЭЭРИМ ТОРОБЕКОВНА
16-шайлоо округу, Талас облусу

Урматтуу шайлоочулар!


Мен, Сыйдалиева Мээрим Торобековна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка туруктуу ишеним жана чындыгында өнүккөн мамлекет бекем үй-бүлөдөн, жарандардын социалдык корголушунан жана билимден башталат деген принцип менен аттандым.

Менин өмүрлүк жана кесиптик жолум ар дайым адамдарга, өзгөчө оор турмуштук кырдаалга туш болгон аялдарга жана балдарга кызмат кылуу менен байланыштуу болду. Муниципалдык мекеме - «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүү борборунун директору болуп иштеген учурда мен аялдар үчүн кайра турмушка аралашууга, билим алууга жана кесипке ээ болууга реалдуу шарттарды түзүүгө жан үрөдүм.

 Жетишкендиктерим:

  • Борбордун алдында тигүү цехин ачуу - бул аркылуу аялдар кесипке ээ болуп, туруктуу киреше табууга мүмкүнчүлүк алышты.
  • Жарым фабрикаттар өндүрүүчү ашкана уюштурулду, бул жерде аялдар тамак жасоо өнөрүн үйрөнүп, жеке ишкердикке кадам ташташты.
  • Зомбулуктан жабыркаган аялдарга жана алардын балдарына психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүүнүн туруктуу системасы түзүлдү.
  • Кыргызстан Аялдар Комитетинин активдүү мүчөсү катары аялдардын укуктарын илгерилетүү жана үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча демилгелерге активдүү катышып келем.
  • Талас шаарында улгайган жарандар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн борбор ачылды. Бул борбордо ардагерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дене тарбиясы (ЛФК) аркылуу саламаттыгын чыңдап, шахмат ойноо, баарлашуу, маданий иш-чараларга катышуу жана психологиялык колдоо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул борбор коомго интеграциялануунун, кам көрүүнүн жана урматтоонун үлгүсүнө айланды.

 

 Депутат катары менин негизги багыттарым:

  1. Үй-бүлө институтун бекемдөө
  • Жаш үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу.
  • Үй-бүлөлүк тарбиянын ролун жогорулатуу, өз ара сый-урмат, жоопкерчилик жана руханий биримдик баалуулуктарын жайылтуу.
  • Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушун күчөтүү.
  • Ажырашуулардын санын азайтуу, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды жана зомбулукту алдын алуу боюнча мыйзамдык демилгелерди илгерилетүү.
  • Аймактарда кризистик борборлордун жана үй-бүлөлүк кеңеш берүү пункттарынын тармагын кеңейтүү.

Үй-бүлө - бул дени сак мамлекеттин негизи. Бекем үй-бүлө - билимдүү жана адептүү жарандарды тарбиялайт.

  1. Калктын аярлуу катмарларын колдоо
  • Аялдарга, балдарга, улгайган жарандарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү.
  • Мамлекеттик социалдык программалардын натыйжалуулугун жана даректүүлүгүн жогорулатуу.
  • Кризистик абалда турган аялдарды кесиптик окутууга жана ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү.
  • Ар бир баланын укуктарын коргоо жана социалдык абалына карабастан билим жана саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
  1. Билим - күчтүү мамлекеттин негизи
  • Турмуштук оор кырдаалда калган балалуу аялдар үчүн Билим берүү үйүн ачуу -бул жерде аялдар убактылуу жашап, билим алып, кесипке ээ болот, ал эми балдары мектепке чейинки тарбия менен камсыз кылынат.
  • Толук орто билими жок аялдар үчүн билим берүү программаларын ишке ашыруу, аларды эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге үйрөтүү.
  • Аймактарда кесиптик жана дуалдык билим берүү программаларын өнүктүрүү.
  • Мектептерде жана колледждерде билим сапатын жакшыртуу боюнча демилгелерди илгерилетүү.

Билимдүү аял - билимдүү үй-бүлө.
Билимдүү үй-бүлө - билимдүү улут.
Билимдүү улут - күчтүү жана көз карандысыз мамлекет.

  1. Региондорду өнүктүрүү жана жарандардын катышуусу
  • Талас облусунун жашоочуларынын билим берүү, саламаттык сактоо, экология жана ишкердик боюнча демилгелерин колдоо.
  • Жаштарды коомдук-экономикалык жашоого тартуу үчүн шарттарды түзүү.
  • Мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу жана жергиликтүү чечим кабыл алууга жарандардын катышуусун кеңейтүү.
  1. Ардагерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселелерин чечүү
  • Материалдык колдоо көрсөтүү, тоскоолдуксуз чөйрөнү кеңейтүү боюнча чараларды көрүү.
  • Жарандык-патриоттук тарбияны өнүктүрүү.
  • Билим берүү мекемелеринде аскердик-патриоттук клубдардын ишин өркүндөтүү, ден соолукту чыңдоону жана спортту жайылтуу.
  • Өз округумдун ар бир жаранынын кайрылуусун кунт коюп кароо жана маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүү.

 Жыйынтык

Мен саясатка бийлик үчүн келген адам эмесмин.
Мен - өмүр бою эл менен, эл үчүн иштеп келген адаммын.

Менин тажрыйбам, чынчылдыгым жана туруктуулугум сиздердин кызыкчылыктарыңызды эң жогорку деңгээлде коргоого мүмкүндүк берет.

Биз биргеликте:

  • Үй-бүлө институтун сактап, бекемдей алабыз;
  • Аярлуу катмарларды коргойбуз;
  • Билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтебиз;
  • Күчтүү жана адилеттүү мамлекетти курабыз.

16-шайлоо округу, Талас облусу боюнча Сыйдалиева Мээрим Торобековнага добуш бериңиздер!
Келечекти бирге куралы!