ЧОТОНОВ МЕДЕР ОСКОНБЕКОВИЧ
Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. 2007-жылы Т. Бабанов атындагы лицейди аяктаган. Андан соң КРСУнун Эл аралык мамилелер боюнча жогорку билим алган. 2010–2011-жылдары Кытай Эл Республикасындагы Ланчжоу мамлекеттик университетинде окуусун уланткан. 2012–2014-жылдары Москвадагы Россия Эл Достугу университетинде билимин тереңдеткен.