КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:

  • Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү колдоо максатында мыйзам демилгелерин көтөрөм (салыктык жеңилдиктер, субсидиялар, төмөн пайыздуу насыялар).
  • Жаштардын жана аялдардын ишкердигин колдогон мыйзамдык демилгелерди көтөрөм.
  • Жаңы ирригациялык системаларды куруу жана учурдагыларын жаңылоо; Айыл чарба жерлеринде заманбап сугат системаларын киргизүү үчүн фермерлерге мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү;
  • Талас облусу боюнча капиталдык салымдардын үлүшүн көбөйтүү маселесин көтөрөм;
  • Айылдарда иштеген жаш дарыгерлерди колдоо (кошумча төлөмдөр жана турак жай);

Медициналык мекемелерди оңдоо (мекемелерди заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо) жана жаңыларын куруу маселелерин алдыга жылдыруу;

  • Мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринин кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү жана турак жай маселесин чечүү; Билим берүүчү, маданий жана спорттук мекемелердеги оңдоо иштерин көзөмөлдөө.

Почта: Meder010989@mail.ru