БИЙМЫРЗА УУЛУ АЗИЗ

Азиз Биймырза уулу 1996-жылдын 16-сентябрында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн.

2003-жылы Кең-Арал айылындагы А.Арстанов орто мектебинин башталгыч классынын босогосун аттаган. 2009-2013-жылдар аралыгында терендетилген билим алуу максатында Талас шаарындагы “Манас Ата – Себат” Кыргыз-Түрк балдар лицейинде окуган. Орто билимди кайрадан айылындагы А.Арстанов орто мектебинен улантып 2014-жылы орто мектепти артыкчылык менен  бүтүргөн. 2015-жылдын аягынан бери Коомдук телерадио берүү корпорациясында алып баруучу, 2016-жылдан бери Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында манасчы болуп эмгектенип келет.

          Азиз Биймырза уулу жаштайынан  улуу өнөрдү дүйнөнүн Казакстан, Кытай, Россия, Туркия, Индия өңдүү мамлекеттеринде Манас дүйнөсүн даңазалап келген.

        Учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук Университетинин, кыргыз филологиясы факультетинин аспиранттык даражадагы студенти. 

Азиз Биймырза уулу 2021-2024-жылдары Кыргыз улуттук “Манас” теартынын жетекчилик кызматын аркалап келди.

 Азиз Биймырза уулунун жетишкендиктери жана сыйлыктары:

Чынгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты жана Данк медалы менен сыйланган.

*2015-жылы “Дүйнө элдеринин эпос айтуучулары” Эл аралык кароо-сынагында 3-орундун ээси

*2015-жылы Индиянын,Газиабад шаарында өткөн “18-Дүйнөлүк фольклор алып жүрүүчүлөр мелдешинин” катышуучусу

*2016-жылы Түркиянын,Трабзон шаарында өткөн Эл аралык  “Орток тил,орток адабият,орток маданият” форумунун катышуучусу, “Кая” байрагынын ээси

*2015-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек,миграция жана жаштар министринин Ардак Грамотасынын ээси

*2015-жылы Кыргызстан таланты – 2015” кароо-сынагынын “Манас айтуу” номинациясы боюнча 1-орундун жеңүүчүсү ж.б. эл аралык сыйлыктардын ээси.

2024-жылдын ноябрь айынын тарта Улуттук “Манас” Академиясынын президенти болуп эмгектенген.

Кыргыз, түрк, орус, казак тилдеринде эркин ал эми англис тилинде сөздук колдонуу менен суйлой алат.