БИЙМЫРЗА УУЛУ АЗИЗ

Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:  

  1. Руханий өнүгүү жана маданият
  • “Манас мурастары” санарип платформасын түзүү – дүйнөгө кыргыз рухун таанытуу.
  • “Манас ордо” маданий-түшүндүрмө борборун өнүктүрүү – Таласты улуттук бренд катары жайылтуу.
  1. Билим келечектин башаты
  • “Санарип айыл” – онлайн билим берүү, кибер коопсуздукту сактоо, жарандардын персоналдык маалыматтарынын коопсуздугун сактоо жана электрондук иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча системдүү чечимдерди сунуштоо.
  • Аймактык бизнес-инкубатор – айыл жаштарынын ишкердүүлүккө, стартаптарды алуу, инвесторлор менен иштешүүгө көмөктөшүү, мыйзам чегинде жардам көрсөтүү.
  1. Аялдарга жана балдарга колдоо жана үй-бүлөлүк ишкердик
  • Аялдардын коомдук жана экономикалык ролун күчөтүү үчүн үй шартындагы эмгекти баалоо жана үй-бүлөлүк чакан бизнеске колдоо көрсөтүү.
  • Балдардын коопсуздугу үчүн “Коопсуз мектеп” долбоору – видеокөзөмөл, зомбулукка каршы чараларды күчөтүү. Ар бир райондо балдар чыгармачылык борборлорун ачуу. “Манас сабагы” – руханий баалуулуктар аркылуу тарбия берүү.
  1. Талас руханий жана инновациялык өнүгүүнүн модели
  • “Digital Talas” долбоору – жаштар үчүн IT стартап жана онлайн билим берүү борборлору.
  • Айылдык IT-хабдарды түзүү жана интернет инфраструктурасын жакшыртуу.
  • “Жашыл шаарлар” демилгеси аркылуу экологиялык долбоорлор жана таштандыларды кайра иштетүү системасын киргизүүнү демилгелөө.
  1. Аймактык өнүгүү жана адилет башкаруу.
  • “Эл үнү – депутат” онлайн платформасы аркылуу түз кайрылуу системасын киргизүү.
  • Ар бир айылда коомдук угуу, жолугушууларын жылына эки жолудан кем эмес өткөрүү.
  • Аймактык бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу жана элге отчет берүү.

Күчтүү Кыргызстан – бул бакубат эл жашаган аймактардан башталат. Биргеликте элдин жашоосун жакшырталы. Баардыгы