КУРМАНАЛИЕВА КОЙСУН АБЛАБЕКОВНА

 

Мен, Курманалиева Койсун Аблабековна 1962-жылдын 1-апрелинде Талас районунун Орто-Арык айылында туулгам. 1979-жылы Талас районунун Долоно орто мектебин ийгиликтүү бүтүрдүм. 1986-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун “башталгыч класстардын мугалими” факультетине тапшырып, 1991-жылы аяктагам.

1979-жылдан 1987-жылга чейин Талас облустук стат башкармалыгында оператор, андан соң инженер программист болуп иштегем. 1987-жылдан 1994-жылга чейин Талас районунун Долоно айылдык кенешинин жооптуу катчысы жана Кенештин төрайымы кызматын аркалагам. 1994-жылдан 2002-жылга чейин Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы болгом. 2003-жылдан 2005-жылга чейин Талас облустук архив башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенгем. 2005-жылдан 2008-жылга чейин Талас облустук администрациясында губернатордун орун басары болуп иштегем. 2010-жылдан 2015-жылга чейин Талас облустук администрациясында губернатор болуп иштедим. 2023-жылдан тартып ушул убакытка чейин (2025-жылдын ноябрь айы) Республикалык илимий борборунда бөлүм башчы болуп иштеп келдим.

Бир уул, бир кыздын энесимин.

Талас шаарынын Мырзалиев көчөсүнүн, №1б-үйүндө жашайм.

Бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кенешчиси.