Урматтуу мекендештер!
Менин чыныгы максатым - элге кызмат кылуу, мыйзамдын үстөмдүгүн, ачык-айкындуулукту жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу.
Мен, Жогорку Кеңешке жарандардын кызыкчылыктарын жана мамлекеттин адилеттүүлүккө, чынчылдыкка жана ачык-айкындуулукка негизделген өнүгүшүн колдоо максатында, сиздердин үнүңүздөр болуу үчүн бара жатам.
Негизги багыттар:
Улуттук идеологияны жана жеке баалуулуктарды сактоо.
Жаштарды колдоо, социалдык жактан аярлуу топторду коргоо жана аларга кам көрүү.
Үй-бүлөнүн статусун жогорулатуу, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, жаш жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо.
Билим менен тарбиянын тең салмактуулугун көзөмөлдөп жана сапатын жакшыртуу, ошондой эле кесиптик окутууга жана мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатууга көңүл буруу.
Элдин жана мамлекеттин жашоосун жакшыртуучу мыйзам долбоорлорун жана токтомдордун долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле баардык мыйзамдардын толук аткарылышын көзөмөлдөө.
Адилеттүүлүктү жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу.
Ар бир жаран бирдей укукка жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, өлкөнүн жашоосунун бардык тармактарында иш алып баруусуна шарт түзүү.
Ар тараптуу тармактагы кесипкөй адистердин эмгегин колдоо жана баалоо.
Иштөө принциптери:
Чынчылдык, жоопкерчилик жана шайлоочулар менен дайыма байланышта болуу.
Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мыйзам долбоорлорун талкуулоого активдүү катышуу жана абийир менен акыйкат добуш берүү.
Шайлоочуларга үзгүлтүксүз отчет берүү.
Бардык деңгээлде чечим кабыл алууда ачык-айкындуулук жана мыйзамдын сакталышы.