ЧОЙБЕКОВ БАКТЫБЕК КАНЫБЕКОВИЧ
1977-жылы Талас облусунда туулган. Коомдук жана мамлекеттик ишмер, меценат, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Эки жогорку билимдин ээси. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы. 1997–2021-жылдары каржы тармагында ишкердик менен алектенген. 2014-жылы акча алмаштыруу жайларын мыйзамдаштыруу максатында «Альянс» ассоциациясын негиздеген. 2021-жылы №21 Талас округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.