1. «Талас – Ашуу-Төр – Бишкек» альтернативдүү жолун салууну демилгелөө. Азыркы жолдор ашуулар аркылуу өтүп, кооптуу жана узак. Жаңы жол чыгымды азайтат, убакытты кыскартат жана Таластын экономикасына күч берет.
  2. Талас облусун жаратылыш газы менен камсыздоону илгерилетүү. Аманбаевдеги магистралдык линиядан газды бардык айылдарга жеткирүү мүмкүн.
  3. Сугат суу тартыштыгын чечүү. Кургакчылык жылдары дыйкандар чоң чыгымга учурап келет. Кандай гана өнүгүү болбосун – суу негизги шарт.
  4. Билим берүү тармагына инвестициялоону күчөтүү. Депутаттык ишимде ушул тармакка өзгөчө көңүл бөлүүгө болгон аракетти жумшап келдим. Мындан ары да бул тармак биз үчүн артыкчылыктуу багыт боло бермекчи.
  5. Саламаттык сактоо тармагын өркүндөтүү. Аймакта адистер жетишсиз, шарттар эски. Бул сапаттуу жардамга жетүүнү татаалдатат.
  6. Инвестиция тартуу жана өндүрүштү жандандыруу Мурда иштеген заводдор токтоп, жумушсуздук күчөгөн. Инвестиция тартуу – аймакты жандандыруунун негизги жолу.
  7. Инфраструктураны жакшыртуу. Коопсуз жолдор, жарык көчөлөр, жакшы тротуарлар – элдин күнүмдүк жашоосун жеңилдетет.

Дареги жана байланыш маалыматтары: Кара-Балта ш., Жайыл Баатыр көч.105

Тел.: +996 705 04 10 20

Почта: Baktybek.choibekov@gmail.com