ЭСЕНАМАНОВА ЧОЛПОН ЗАМИРБЕКОВНА

 

Мен, Эсенаманова Чолпон Замирбековна, 1980-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Каинды айылында төрөлгөм. Кыргыз Республикасынын жаранымын.

Орто мектепти аяктагандан кийин, 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция факультетине тапшырып, 2001-жылы укук багыты боюнча бакалавр даражасын, ал эми 2002-жылы юрист адистигине ээ болдум.

Билимге умтулуу жана экономика жаатындагы кызыгуу мени Москва ишкердик жана укук институтунун Бишкек филиалына алып келди. Ал жерде 2004-жылы «Финансы жана кредит» адистиги боюнча экономист квалификациясын алдым.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны аяктап, «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча жогорку билим алдым.

Эмгек жолумду 2002-жылы юридикалык фирма «Цивилистте» юрист-консультант болуп баштагам. Алгачкы тажрыйба мамлекеттик кызматтагы ишке жол ачты. 2003-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында иштеп, референт, эксперт жана юридикалык бөлүмдүн сектор башчысы кызматтарын аркаладым. Бул жылдар менин мыйзам чыгаруу жана укуктук системага болгон көз карашымды калыптандырган маанилүү учур болду. КР Жогорку Кеңешинин Аппаратында улантып,  Төраганын кеңешчиси,  мыйзам чыгаруу  иши боюнча сектор башчысы болуп  иштедим.

2011-жылы  Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин орун басары катары  Мекениме кызмат кылдым. Бул кызматта мен парламенттин ишин уюштуруу жана укуктук камсыздоо багытында жоопкерчилик тарттым.

Кийинчерээк Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окутуучу болуп иштеп, жаш адистер менен тажрыйбамды бөлүштүм.

2014-жылдан тартып ишмердүүлүгүм жеке сектор менен байланыштуу болду — «Лотос компани» ЖЧКсынын  башкы директору катары ири долбоорлорду жетектедим.

2015-жылы КР  Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук маселелер боюнча комитеттин төрагасынын  орун басары кызматына дайындалдым. Бул мезгил мен үчүн мыйзам чыгаруу процессин терең түшүнүүгө жана өлкөнүн укуктук базасын өркүндөтүүгө салым кошууга мүмкүнчүлүк берди.

2016–2025-жылдары «БМКК» ААКсында кеңешчи жана башкы директор «Улай тести» ЖЧКсынын өндүрүш боюнча директору кызматтарында иштеп, өнөр жай жана айыл чарба тармактарын өнүктүрүү программасын ишке киргиздим, экспорттук сатуулар линиясын уюштуруп, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү баалоо ишин жүргүздүм.

Коомдук иш-чараларда да активдүү катышып, майрамдык иш-чаралардын алкагында чогулган каражаттарды республиканын балдар үйлөрүнө жардам иретинде багыттоого катыштым.

Эмгек жолумдун бардык этаптарында мен үчүн өзгөрбөс принциптер — жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана коомго чынчыл кызмат кылуу болуп келген жана мындан ары да ушул баалуулуктарга таянам.

Эмгек жолумдун ар бир этабында жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана коомго таза кызмат өтөөнү башкы принцип катары карманып келем

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматтын  I класстагы  кеңешчиси чининин ээсимин.