«ЭЛИМ МЕНЕН БИЙИКМИН!»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНЕ №17 КӨП МАНДАТТУУ ОКРУГУНАН ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕР
ЭСЕНАМАНОВА ЧОЛПОН ЗАМИРБЕКОВНАНЫН
ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ

ӨНҮГҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  1. Жарандардын жашоосун жеңилдеткен, аларга пайда алып келе турган сапаттуу, натыйжалуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды иш жүзүнө ашыруу.
  2. Панфилов, Жайыл, Талас райондорунун, Кара-Балта жана Каинды шаарларынын жергиликтүү инфраструктурасынын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү.
  3. Панфилов, Жайыл, Талас райондорунун, Кара-Балта жана Каинды шаарларындагы жамааттык түзүмдөрдүн катышуусу менен Кредиттик Союздарды түптөө жана өнүктүрүү.

 

АЙЫМДАРДЫН ИШКЕРДҮҮЛҮГҮН КОЛДОО, ӨНҮКТҮРҮҮ; АЯЛДАРДЫН, БАЛДАРДЫН ЖАШТАРДЫН УКУКТАРЫН КОЛДООГО АЛУУ:

  1. Аялзатынын укуктарын коргоо, алардын ишкердигин колдоо — ар бир айымдын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө, кесипке ээ болуусуна, түптөлүүсүнө шарт түзүү, өлкөнүн экономикалык жана коомдук жашоосуна мырзалар менен тең укуктуу катышуусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.Ар бир аял зат үчүн мүмкүнчүлүк!
  2. Айыл жергесинде, чакан калктуу аймактарда аялдардын жеке ишкердигин баштоо үчүн мамлекеттик гранттар менен микрокредиттерди алуу шарттарын түзүү.
  3. Аймактарда ишкер айымдарды колдоо, өнүктүрүү борборлорун түзүү; аларга юридикалык, консультациялык, каржылык колдоо көрсөтүү.
  4. Аймактарда бизнес жаатында каржылык сабаттуулукту жогорулатуу, устаттык программаларды ишке ашыруу — ар бир айылда аял-лидерлердин ийгиликтүү тармагын түзүү.
  5. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, бала-бакчаларды өнүктүрүү — мектепке чейинки билимди жеткиликтүү кылып, үй-бүлөлүк жашоосу менен айкалыштырып, татыктуу алып кетүүсүнө шарт түзүү.
  6. Көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пулдардын өлчөмүн жогорулатуу жолдорун издөө.
  7. Үч жана андан көп балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөрдун жашоо шарттарын жеңилдетүү багытында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  8. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жалгыз бой энелерге ипотекалык турак жай алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ:

 

  1. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

 

  1. Айыл жерлеринде жер-жемиштерди сактоо, кайра иштетүү жана айыл чарба продукциясын экспорттоого багытталган заманбап логистикалык борборлордун женилдетилип ачылышына мыйзамдуу көмөк көрсөтүү.

 

ЭТНИКАЛЫК ТОПТОРДУН УКУКТАРЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ, АЛАРДЫН ЭТНОМАДАНИЯТЫНЫН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮН ӨНҮКТҮРҮҮ, САКТОО:

  1. Аймактарда жайгашкан аз улуттардын тилин, маданиятын, салт-санаасын сактап калууга, өнүктүрүүгө кепилдиктерди камсыз кылуу, алардын өзгөчөлүгүн, тарыхый мурасын колдоо жөнүндө мыйзамдарды иштеп чыгып ишке ашыруу.
  2. Өлкө жарандарынын улутуна, тилине, дин тутумуна же жашаган жерине карабастан — билим берүү, эмгек, саламаттыкты сактоо, коомдук-саясий турмушка катышуу тармактарында бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө арналган мыйзамдарды иштеп чыгуу.

МЕНИН МАКСАТЫМ ЖАНА ЖОЛУМ:

  • Ачыктык, айкындуулук
  • Негизги басым — аймактарды өнүктүрүү
  • Жынысына, расасына, улутуна, жашаган жерине карабастан Кыргызстандын жарандарынын баардыгына бирдей укуктарды, шарттарды түзүү.

Элдин ишеними менен келечекке кадам таштайм!

ПРОГРАММАНЫН КЫСКАЧА МЫЙЗАМДЫК БАШТАМАЛАРЫ:

  1. «Айыл чарба кооперативдери жөнүндө» мыйзам — айыл кооперативдерин өнүктүрүү үчүн жөнөкөйлөтүлгөн салык системасын жана мамлекеттик колдоо чараларын киргизүү.
  2. «Ветеринария жөнүндө» мыйзам — элдин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана заманбап ветеринардык көзөмөл системасын түзүү.
  3. «Айыл чарба жерлерин табигый кырсыктардан камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам — фермерлерди жана кооперативдерди климаттык коркунуч келтирген кесепеттеринен камсыздандыруу.
  4. «Агрардык кластерлерди түзүү жана өнүктүрүү жөнүндө» мыйзам — илимди, бизнести жана мамлекетти бириктирген өндүрүштүк чынжырларды түзүү.
  5. «Айыл чарбадагы чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө» мыйзам — аймактарда ишкердикти өнүктүрүү жана жумуш орундарын көбөйтүү.
  6. «Органикалык жер семирткичтерди өнүктүрүү жана колдонуу жөнүндө» мыйзам — экологиялык жактан таза дыйканчылыкты өнүктүрүү.
  7. «Жаңы энергия булактарын колдонуу жана өнүктүрүү жөнүндө» мыйзам — күн, шамал жана гидроэнергетиканы айыл жерлеринде пайдаланууну колдоо.
  8. «Сугат системасын өнүктүрүү жана колдонуу жөнүндө» мыйзам — суу ресурстарын эффективдүү башкаруу жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу.
  9. «Аз сандагы улуттардын укуктарын коргоо жана өнүктүрүү жөнүндө» мыйзам — алардын тилин, маданиятын жана салттарын сактоо кепилдиги.
  10. «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр — айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына ички жана тышкы инвестицияларды тартууга шарт түзүү.
  11. «Көп балалуу үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам — социалдык коргоонун укуктук негизин түзүү, каржылык жардам жана жеңилдетилген программаларды жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

Дагы 50 дөн ашык мыйзамдарга толуктоо жана өзгөртүү киргизүүнү  жана аны ишке ашырууну демилгелейм.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине №17 көп мандаттуу округунан  депутаттыкка талапкер - ЭСЕНАМАНОВА ЧОЛПОН ЗАМИРБЕКОВНА.