Кыргыз Республикасынын № 17
көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер
Жанузакова Кыял Байышевнанын
кыскача өмүр баяны
Мен, Жанузакова Кыял Байышевна 1978-жылы Талас шаарында туулгам. 1985-жылы мектеп босогосун аттап, 1996-жылы “Манас” физико-математикалык лицейин алтын медаль менен аяктагам. Ошол эле жылы Бишкек гуманитардык университетинин Башкаруу жана социология факультетинин “Социалдык кызмат боюнча адис жана психолог-практик” адистигине тапшырып, 2001-жылы артыкчылык менен аяктагам.
Эмгек жолум 2001-жылы КР Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин тышкы саясат бөлүмүндө жетектөөчү адис катары башталган. 2001-жылдан баштап КР жогорку бийлик органдарында (аткаруучу, мыйзам чыгаруучу) жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеп келдим.
2021-жылы Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кенешчиси класстык чени ыйгарылган. Мамлекеттик кызматтарда иштеген учурда бир катар ведомстволук сыйлыктар менен сыйлангам: КР Кадр кызматынын Ардак грамотасы, КР Жогорку Кенешинин Төрагасынын сааты, КР Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ардак грамотасы, КР Маданият министрлигинин Ардак грамотасы, КР Акыйкатчысынын Ардак грамотасы, ошондой эле Мамлекеттик кызматынын отличниги, КР Маданиятынын мыкты кызматкери жана КР социалдык коргоонун отличниги төш белгилери.
Мамлекеттик тилди жогорку С1 деңгээлинде билем, расмий тилде жана англис тилинде эркин сүйлөйм.
Ата-энем, 3 бир тууганым жана 3 кызым бар.
Мен жана жакын туугандарым сот жоопкерчилигине тартылган эмеспиз.