КР Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер К.Б. Жанузакованын
ПРОГРАММАСЫ
Ар бир адамдын татыктуу жана адилеттүү жашоосу үчүн!
Максатым – ар бир үй-бүлөнүн татыктуу жашоосуна, жаштардын өз мекенинде эмгектенүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү, мамлекет ар бир жаранына чыныгы камкордук көрсөткөн өлкө болуусуна зарыл болгон мыйзамдардын иштелип чыгышына салымымды кошуу. Ал үчүн эл өкүлү болгон учурда төмөндөгү багыттар боюнча иш жүргүзүүнү туура көрөм:
- Социалдык колдоо:
- Муктаж жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекет тарабынан берилген пенсия, жөлөк пулдардын, жардам жана жеңилдиктердин өлчөмүн жогорулатуу, кызматтарды кеңейтүү;
- Аялдардын жана жаштардын чечим кабыл алуу деңгээлинде болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, аларга социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүү.
- Элге жакын медицина:
- райондук жана айылдык оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун, ФАПтарды заманбап жабдуу менен камсыз кылуу;
- жаш дарыгер адистерди айыл жерине тартуу, аларды турак-жай менен камсыздоо жана дарыгерлердин маянасын татыктуу деңгээлге жеткирүү;
- телемедицина жана көчмө медициналык кызматтарды өнүктүрүү.
- Билим берүү – келечекке жол:
- Айылдык мектептерди оңдоо, интернет жана заманбап жабыдуулар менен камсыздоо,
- Мугалимдин статусун көтөрүү, аларга кошумча төлөм жана стимул берүү,
- Жаштар үчүн кесиптик окуулар жана гранттык программаларды ишке киргизүү жана жаштар борборлорун чыңдоо.
- Региондорду өнүктүрүү:
- Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, жаны жумушчу орундарын түзүү,
- Фермерлерге жана чакан бизнеске жеңилдетилген насыя жана грант берүү,
- Жолдорду, суу түтүктөрүн, электр жана интернет инфраструктурасын жакшыртуу.
- Жашоого ыңгайлуу айылдар жана шаарлар:
- Көчөлөрдү жарыктандыруу, жол салуу, тазалык, жашылдандыруу;
- Ичүүчү суу жана канализация көйгөйлөрүн чечүү.
Күчтүү Кыргызстан – бул бакубат эл жашаган аймактардан башталат. Биргеликте элдин жашоосун жакшырталы. Баардыгы өзүбүздүн колубузда!