ЛУРОВА ЛЕЙЛА ХИЯНОВНА

Мен, Лейла Хияновна Лурова, 1968-жылы 28-октябрда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулгам. Жогорку билимдүүмүн, 1991-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүрүп экономика бөлүмүндө “Дүң соода жана материалдык-техникалык камсыздоо” адистигине ээ болдум.

Андан тышкары, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча аяктагам.

Эмгек жолумду 1986-жылы Кыргызкеректөө союзунун пландоо-экономика бөлүмүнүн кенже адиси болуп иштөө менен баштагам.

1988-1989-жылдары Буткул союздук илим-изилдөө долбоорлоо институтунун Статистикалык маалымат мекемесине караштуу Кыргыз ССР Соода министрлигинин дүң соода базаларын тейлөөдө техник-конструктор болуп иштегем.

1989-1992-жылдары Кыргыз дан азыктары жана даярдоо мамлекеттик ишканасынын пландоо-экономика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эмгектенгем

1992-1993-жылдары «Адылов жана компания» соода үйүндө иштегем.

1998-жылы «ЛБС Милк Продакшн» ЖЧКсынын директору болуп дайындалгам.

2012-2016-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин 26-чакырылышынын депутатты болуп шайлангам.

 Ал эми 2021-жылы “Ынтымак” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып. депутаттык ишмердигимде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин орун басары, 2024-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Айым депутаттар форумун жетектегем.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, ошондой эле парламенттик кызматташтыкты чыңдаганы үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Ардак грамотасы ыйгарылган.