Лурова Лейла Хияновна — Москва району 2030
Күчтүү үй-бүлө – күчтүү район – күчтүү Кыргызстан
Мен Фрунзеде төрөлгөм, КУУда билим алгам, бизнесте 20 жылдан ашык эмгектенип, элди жумуш менен камсыз кылуу, базар деген эмне экенин билем. 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешинин, 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгом. Мен бардык жерде чынчыл болууга, карапайым элди коргоого, алардын чыныгы көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылдым.
Бүгүн мен өзүмдүн билимимди жана тажрыйбамды Москва районунун тургундарына кызмат кылуу үчүн кайрадан депутаттыкка талапкерлигимди коюп жатам. Мен сиздердин кыйынчылыктарды түшүнөм. Авариялык суу түтүктөрүнөн тартып жер жана турак жайдын тартыштыгына чейин кымбат баалуу балдар клубдарынан тартып, жеткиликтүү эмес кредиттерге чейин баардыгын билип турам.
Менин башкы үч максатым
Суу жана жерди адилетсиздиги. Жаш үй-бүлөлөр үчүн онлайн жер кезеги, авариялык тармактарды алмаштыруу, жайыттарга ачык мониторинг жүргүзүү.
Жылуу үй жана өз турак -жайың. Үй-бүлөлөргө жеңилдетилген ипотека жана социалдык ижара, заманбап газ казандарына өтүү жана үйлөрдү жылуулоо программасы.
Ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү бар аялдар жана жаштар. «Бизнес айымы» Фонду микрокредиттерди жана окуу курстарын, ал эми мектепти таштагандарга «Экинчи мүмкүнчүлүк» мыйзамын сунуштам.
Москва районуна жети милдетим
Суу жана жер. Суу түтүктөрүн жана сугат арыктарын алмаштыруу, «Жаштарга жер» электрондук кезек, жайыттардын электрондук картасы.
Турак жай жана жылуулук. Жеңилдетилген ипотека, социалдык ижара, газ отказандары үчүн насыялар, үйдү жылуулоо.
Күчтүү үй-бүлөлөр. Жөлөкпулдарды, турак жай субсидияларын жогорулатуу, балдар үчүн акысыз ийримдер жана спорт, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн социалдык контракттар.
Жаштар. Кызматтык жана санарип кесиптерге бекер окутуу, кыргыз тил борборлору, жаш адистер үчүн турак-жай жана айлык акы.
Аялдар. Микрокредиттик фонд, бизнес жана санариптик кесиптер боюнча курстар, жалгыз бой энелерди колдоо.
Айыл чарбасы. Сүт жана жашылчаларды кайра иштетүү боюнча мини-заводдор жана кооперативдер, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар жана жумушчу орундар.
Жолдор жана медицина. Мектептерге жана фельдшердик-акушердик пункттарга баруучу жолдорду ремонттоо, айылдык ооруканалар үчүн жаңы жабдуулар.
Мен аткара албаган убадаларды бербейм. Жумушка кепилдик берем. Чынчыл, ачык-айкын жана көрүнүктүү. Эмне жасалганын өзүңүз текшерсеңиз болот.
Менин тандоом менин районум. Мен бизде суу, ишибиз, жылуу үйүбүз болушун каалайм. Булар жашоонун негиздери, ансыз келечек болбойт.
Үй-бүлө. Суу. Иш. Жылуу үй. Бул менин программам!