САТИЕВА ГУЛЖАН ЭРКИНБЕКОВНА
Мен, Сатиева Гулжан Эркинбековна, 1981-жылдын 16-апрелинде Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылында төрөлгөм.
1999-жылы Тилекмат атындагы орто жалпы билим берүүчү мектепти аяктагам. Ошол эле, жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин чет тилдер факультетине тапшыргам. 2004-жылы адис дипломун алганмын. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Тилекмат орто мектебинде мугалим болуп иштегем.
Үй-бүлөлүмүн, беш баланын энесимин. Айылдык кенешинин депутатымын. «СК Строй» ЖЧКсынын директорумун.
Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:
Программанын негизги максаты экономикалык өсүш, социалдык адилеттүүлүк, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, теңсиздиктин деңгээлин төмөндөтүү жана мамлекеттик ипотеканы аймактарда өнүктүрүү боюнча иш алып баруу.