Жогорку Кенештин депутаттыгына Москва №18 шайлоо аймагынан талапкер Сатиева Гулжан Эркинбековнанын программасы.

 

Программанын негизги максаты   экономикалык өсүш, социалдык адилеттүүлүк, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, теңсиздиктин деңгээлин төмөндөтүү .

Айыл чарбасы

Айыл чарбасы калкты иш менен камсыз кылып Кыргыз Республикасынын экономикасынын эң маанилүү тармагы бойдон калууда. Мал чарба сектору негизинен бодо мал жана кой-эчки, жылкы, канаттууларды өстүрүү менен көрсөтүлгөн. 2021-2024-жылдары бодо малдын жана кой-эчкинин, жылкынын санынын динамикасы 2,3%га, канаттуулардын саны - 30,5%га өстү. Малдын жана канаттуулардын саны негизинен өндүрүмдүүлүгү төмөн сапаттагы малдар менен көрсөтүлгөн, бул мал чарбасынын жалпы натыйжалуулугун төмөндөтүүдө. Узак жылдык тенденцияны эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекке эт жана сүт азыктарынын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү асыл тукум малдын санын жаңыртуу жана көбөйтүү милдети турат. Бул милдеттин алкагында асыл тукум борборлорун өнүктүрүү, генетикалык жакшыртуу программаларын киргизүү жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку өндүрүмдүү малды пайдаланууга стимулдаштыруу керек. Бул тармактын өндүрүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга жана мал чарба продукциясын импорттоого көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет .

Өсүмдүк өстүрүү сектору дан эгиндерин, мөмө жана жашылча-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө багытталган.  Глобалдык климаттын өзгөрүү шартында айыл чарба жерлерин сугат менен камсыз кылуу артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында айыл чарбасында тамчылатып сугарууну киргизүү боюнча активдүү чаралар талап кылынат. Алсак, мамлекеттик программалардын жана эл аралык долбоорлордун алкагында фермерлерге тамчылатып сугаруу системаларын сатып алууга жана орнотууга субсидиялар жана кредиттер керек, бул суунун жоготууларын кыйла кыскартууга жана түшүмдүүлүктү жакшыртууга шарт түзөт.

Билим беруу

Билим берүү инфратүзүмү жана жабдуулары, материалдык-техникалык жабдуу жана санариптештирүү, айрыкча өсүп келе жаткан калктын санын эске алуу менен мамлекеттик жана жеке инвестицияларды талап кылат.

Билим берүү тармагында оң жылыштар байкалууда: эмгек акыга жана капиталдык инвестицияларга мамлекеттик чыгымдар көбөйтүлдү, мугалимдердин квалификациясы жогорулатылууда, санариптештирүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда, 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү процесси башталды . Ошол эле учурда айрыкча айыл жерлеринде мектепке чейинки билим берүү(бала бакча) менен камтууну кеңейтүү, мектептик инфратүзүмдү  модернизациялоо боюнча иштер талап кылынат.

Эмгек акынын деңгээлин жогорулатууга карабастан, мектептерде квалификациялуу мугалимдердин, айрыкча STEM дисциплиналары боюнча жетишсиздиги сакталууда.

Билим берүү тармагындагы негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:

- Мугалимдерди квалификациясын жогорулатууну жана шыктандырууну камсыз кылуу;

- мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде онлайн ресурстарды, онлайн окутуу форматын колдонуу менен мугалимдерди кесиптик өнүктүрүү жана кайра даярдоо программаларын системалуу жаңылоо;

- материалдык эмес жана материалдык шыктандыруу аркылуу квалификациялуу кадрларды тартуу жана кармап туруу, анын ичинде класстын толуктугуна жана майыптыгы бар окуучулардын катышуусуна жараша мугалимдердин эмгек акысына кошумча төлөмдөрдүн өлчөмүн белгилөө,  , күнүмдүк милдеттерди автоматташтыруу;

- жаш кадрларды, жашоо шарты начар мугалим жана дарыгерлерди жеткиликтуу ипотекалык негизде уй менен камсыз кылуу 

- билим берүү чөйрөсүндө балдардын ден соолугун чыңдоо:

- окуучуларды сапаттуу мектептик тамак-аш менен камсыз кылуу;

- таза сууга жеткиликтүүлүгү чектелген аймактардагы билим берүү уюмдарына балдарды тамак-аш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн уюштурууга колдоо көрсөтүү;

 майыптыгы бар балдарды   окуу процессине интеграциялоо максатында инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү камсыз кылуу:

- өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучулар үчүн ылайыкташтырылган окуу программаларын жана материалдарын иштеп чыгуу;

- өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштөө үчүн педагогдорду даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

- имараттардын архитектуралык ыңгайлашуусун (пандустар, лифттер, тактилдик көрсөткүчтөр) жана башка зарыл болгон каражаттарды кошо алганда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар үчүн мектептерди зарыл шарттар менен камсыз кылуу;

- жаңы бала бакчаларды жана мектептерди куруу, ошондой эле коопсуздук талаптарын жана курулуш ченемдерин эске алуу менен билим берүү максатында пайдалануу үчүн имараттарды багытын өзгөртүү жана оңдоо;

- айылдык  мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

- окуу процессинде онлайн-ресурстарды пайдалануу жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү үчүн мугалимдерди компьютерлер менен камсыз кылуу;

Жеткиликтүү   саламаттык сактоо

Саламаттык сактоодогу негизги көйгөйлөр жана чакырыктар бир нече өтө маанилүү багыттарда көрүнөт:   кадрлардын агымы жана адистердин жетишсиздиги. Айрыкча бул көйгөйлөр инфратүзүм, медициналык кадрлар менен камсыз кылуу, дары-дармектерге жана санариптик сервистерге жеткиликтүүлүк боюнча кыйынчылыктар   райондордо курч сезилет.

Саламаттык сактоо тармагындагы негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:

- саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана сапатын жогорулатуу:

- эл аралык стандарттарга ылайык жана санариптик технологияларды колдонуу менен лабораториялык диагностиканы күчөтүү;

- райондордо шашылыш медициналык жардам көрсөтүү системасын түзүү;

- фармацевтикалык коопсуздукту камсыз кылуу:

- сапаттуу, натыйжалуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды, биринчи кезекте ата мекендик дары-дармектерди башкаруунун туруктуу системасын түзүү

- райондун калкын жогорку сапаттагы  дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен толук камсыз кылуучу фармацевтикалык өнөр жайын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо;

- ден соолук үчүн тобокелдиктерди кыскартуу учун:

- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын түзүү;

- сергек жашоо образын кармануу жана дене тарбия жана спорт менен машыгуу:

- бардык курактык топтордун арасында дене тарбия жана спорт менен машыгуунун көпчүлүктүк деңгээлин жогорулатуу жана спорттук секциялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

- спорттук инфраструктураны кеңейтүү, иштеп жаткан спорттук базаларды модернизациялоо, жабдууларды жаңылоо;

Адилеттүү социалдык коргоо

Мамлекет тарабынан өлкөнүн бардык жарандары үчүн туулгандан тартып жана өмүр бою социалдык коргоонун базалык деңгээлинин кепилдиктерин камсыз кылуу, ошондой эле социалдык кызматтарды көрсөтүү .

Максаттуу багыттар төмөнкулор:

- жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын мамлекеттик жөлөкпулдар менен камтууну  жогорулатуу;

- аялдарга жана балдарга карата зомбулукту азайтуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу;

- өлкөнүн саясий жана коомдук турмушунда аялдардын бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу;

жетим балдарды, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формаларын өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу (асырап алуу, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк);

- үй-бүлө институтун чыңдоого жана өнүктүрүүгө, энеликти, аталыкты жана балалыкты колдоого багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча программаларды жана кызматтарды иштеп чыгуу (активдүү узак өмүр сүрүү).

 

Урматтоом менен Жогорку Кенештин депутатына талапкер Сатиева Г.Э.